Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:08

Депутаттар Астанадагы кыргызстандык мигранттардын абалы менен таанышат


Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, төрага Акматбек Келдибеков баштаган депутаттардын делегациясы бүгүн Казакстанга жөнөп кетет. Бул иш сапар 29-апрелге чейин созулуп, анда делегация Казакстандын бийлик өкүлдөрү менен жолугушат. Ошондой эле Астанадагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын абалы менен таанышып кайтышмакчы. Мындан тышкары депутаттар Казакстанда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын экинчи отурумуна катышат. (KKs)

XS
SM
MD
LG