Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:16

Алайда курал-жарак жана жарылуучу зат табылды

Маалыматка ылайык, ок-дары салынган пакет, эки УРГ-Н үлгүсүндөгү граната жана башка курал-жарактар Ош облусуна караштуу Алай районундагы Гүлчө дарыясынын боюнан табылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Учурда катталган факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Күч структуралары 2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларында элдин колуна өтүп кеткен курал-жарактардын көбү кайтарыла электигин айтып келишет. (КЕ)
XS
SM
MD
LG