Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Кочкор-Атада “Кыргызнефтегаз” кызматкерлери митингге чыкты


Ушул тапта Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында “Кыргызнефтегаз” ишканасынын кызматкерлери, тургундары болуп эки миңдей адам митинг өткөрүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган ишкананын кызматкери Токтосун Эшималиев кабарлады. Чогулгандар “Кыргызнефтегаздын” тегерегиндеги иштерди премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин көзөмөлгө алышын талап кылышууда. Ошондой эле алар Мамлекеттк мүлк министрлиги “Кыргызнефтегаздын” жакшы көрсөткүчтөрүнө карабай директорун кызматтан бошотууга, директорлор кеңешин алмаштырууга кызыктар болууда дешет.
Аталган ишкананын кызматкерлери 19-апрелде да митинг өткөрүп, мамлекеттик мүлк министрлигинин кайра-кайра текшерүүлөрүнө нааразы болушкан. Ушул күнү министрликтин жети адамдан турган комиссиясын имаратка киргизбей коюшкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG