Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:55

24-мартты майрам күндөрдүн тизмесинен чыгаруу сунушталууда


Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Саламаттыкты сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитетинин жыйыны болуп, анда 24-мартты элдик ыңкылап күнү катары майрамдагандар жокко эсе экенин айтылды.
Бул күндү майрамдардын тизмесинен чыгаруу демилгесин депутат Дастан Бекешов көтөрүүдө.
«2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардан соң, 24-мартты майрамдоо өзүнүн актуалдуулугун жоготту», - дейт Бекешев.
Комитет жыйынында бул демилге жактырылды жана жалпы эле майрамдардын маанисин аныктоо боюнча коомдук угуу уюштуруу зарылдыгы белгиленди. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

24-март календарда кызыл күн катары 2008-жылдын 13-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. 2008-жылы бул күндү майрамдоого бюджеттен 480 миң сом, 2009-жылы 250 миң сом бөлүнгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG