Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Батыш Сирияга кысымды күчөткөнү жатат


Франция, Германия жана Британия Улуттар Уюмуна Сириядагы элдик козголушту аёосуз басууну айыптаган резолюциянын долбоорун даярдашып жатканы кабарланды. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун да Сириянын түштүгүндөгү Дараа шаарындагы кандуу булоонду көз карандысыз иликтөөгө чакырды. Дүйшөмбү күнү Дараадагы анти-өкмөттүк демонстрацияны басуу учурунда кеминде 39 адамдын каны төгүлгөнү жана 70тен ашуун адам жарадар болгону маалымдалган.

Вашингтон буга байланыштуу Сирияга каршы жаңы санкция киргизээрин билдирди.
Адам укугун коргоочу уюмдардын ырасташынча, беш жума мурда президент Башар Ассаддын авторитардык режимине каршы козголуш башталгандан бери коопсуздук күчтөрү менен кагылышта 400дөн ашуун адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG