Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Чернобыл өзөктүк ишканасындагы кырсыкка 25 жыл


Бүгүн (26-апрелде) Украина, Беларус жана Орусияда Чернобыл кырсыгынын 25 жылдыгы белгиленүүдө.
Өзөктүк электр бекетинде чейрек кылым мурда болгон алааматты эскерип, Украинанын байтакты шаары Киевде 25 жолу коңгуроо кагылды. Орус ортодокс чиркөөсүнүн башчысы Кирилл Чернобылдын курмандыктарына арнап, Киевде өткөрүлгөн зыяпатта бул алааматтуу окуя дүйнөдө тынч убакта болгон эң жаман апаат болгонун айтты.
1СССР маалында - 1986-жылдын 26-апрелинде Чернобыл өзөктүк кубат ишканасында болгон жарылуу айлана чөйрөгө катуу зыян келтирип, жүз миңдеген адамдарды там-жайын таштап кеткенге аргасыз кылган. Бул ишкана 2000-жылдын 15-декабрында токтотулган.

XS
SM
MD
LG