Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:23

Атамбаев Түркиянын премьери менен жолугушат


Ушул тапта Анкара шаарында Кыргызстан премьер-министри Алмазбек Атамабев Түркия өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушаары күтүлүүдө. Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун Түркиядан “Азаттыкка” билдиришинче, учурда эки тараптуу жана көп тармактуу жолугушуу, сүйлөшүүлөргө даярдыктар көрүлүүдө. Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн экономикалык, гуманитардык кызматташуусун арттыруу маселеси талкууга алынмакчы. 27-апрелде Атамбаев баштаган кыргызстандык делегация бизнес форумга катышат жана президент Абдуллах Гүл менен жолугушуу пландалган. Буга чейин Кыргызстандан барган делегация “Ата Түрк” мавзолейине барып, гүл чамбар коюшту.
Түркиянын Кыргызстанга болгон инвестициясысынын көлөмү 250 млн. доллар. Бул жалпы өлкөгө келген инвестициянын 8 пайызын түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG