Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:40

Ливиянын батышындагы Мисратада согуш уланууда


Ливиялык адватчылардын колундагы Мисрата шаарында катуу салгылашуулар жүрүүдө. Маалыматтарга караганда, Муаммар Каддафиге ишенимдүү күчтөр калаанын ортосунан артка чегинген. Өкмөттүк күчтөр Батыш тоолорундагы Бербер шаарын аткылаганын Батыш агенттиктери күбөлөр менен козголоңчуларга шилтеп маалымдашты.

Италия өзүнүн согуштук учактары биринчи жолу Британия жана Франциянын аба күчтөрү менен чогуу Ливиядагы буталарга сокку урат деп билдирди. НАТОнун учактары Каддафинин Триполидеги резиденциясына сокку урду. Анын чыгымы жөнүндө маалымат жок.

XS
SM
MD
LG