Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Барктабасовдун соту 27-апрелге жылды


Мындай чечим жактоочулардын жоктугуна байланыштуу кабыл алынды. Жогорку Соттун басма сөз кызматы “Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасов жетектеген он беш адамга карата сот өкүмү чыгышы мүмкүн экенин “Азаттыкка” билдирген эле. 14-апрелде болгон соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоочу Барыктабасовду 12 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратууну суранган. Жактоочулар болсо, күнөөлөрдү тастыктаган далилдер жок экендигин билдирип келишет.

Барктабасовдун жактоочулары бүгүн эртең мененки саат 10:00дө боло турган сот процессинин эмнеге башка убакка жылдырылганын түшүнбөй жатышканын айтышууда. Жактоочулардын бири Бакай Кашкарбаевдин айтымында, Барктабасовдун ишин кароо 14:00дө уланары сот тарабынан расмий айтылган эмес.

“Мекен туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасов баштаган 15 адамды өткөн жылдын август айында “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып менен УКМК камакка алган. Ишти Биринчи май райондук соту териштирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG