Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Казакстанда ачкачылык акциясына чыккандардын экөө ооруканага түштү


Ачкачылык акциясынын катышуучулары
Ачкачылык акциясынын катышуучулары

Казакстандын Алма-Ата калаасында «Элдин үй-жайына тийбегиле!» атуу ачкачылык акциясынын эки катышуучусу ооруканага түштү. Акциянын катышуучулары күрөөгө үй-жайын коюп банктардан насыя алышкан.

Алма-Атада ачкачылык акциясын өткөрүп жатышкан «Элдин үй-жайына тийбегиле!» акциясынын эки катышуучусу Кайыпжамал Имангалиева менен Майгүл Чөрүбаеванын саламаттыгы начарлап, ооруканага жеткирилди. Банктардан кредит алып, кийин аны төлөй албай калышкан адамдар үй-жайынан айрылуу коркунучу туулган маалда ачкачылык акциясына чыгышкан эле.

Акция катышуучуларынын айтымында, банктар алардын үйүн сатыкка чыгара башташты. Ал эми коллектордук компаниялар күн сайын телефон чалып, үй-жайларын сатууга кол коюп берүүлөрүн талап кылышууда.

Мындан бир канча күн мурда алар Казакстандын премьер-министри Карим Масимовго да кат жолдоп, жардам берүүсүн суранышкан. Бирок премьер-министрден такыр жооп болбогондуктан, эми алар президент Нурсултан Назарбаевге кайрылууну эп көрүп турушат. Алма-Атадагы ачкачылык акциясына катышып жатышкан он беш чакты адамдын бири Эсен Өтешбаевдин айтымында, жакын арада алардын өкүлдөрү президент менен жолугуу үчүн Астанага сапар тартышы мүмкүн:

- Талаптарыбыз өзгөрүүсүз. Ошол бойдон эле. Айдын аягына чейин күтөбүз. Эгер жыйынтык болбосо президент Назарбаевге арабыздагы 2-3 адамды жиберүүнү макулдаштык.

Экономисттердин билдирүүлөрүнө караганда, мамлекет көп кечиктирбей куткаруу фондуларын түзүп, банктардын кредиттерге байланышкан кыйла кыйынчылыктуу активдерин сатып ала баштоосу керек. Антпесе кризис тереңдеп отуруп, кыйла мамлекеттерде болгондой чоң-чоң элдик толкундоолор чыгып кетиши ыктымал.

Ушул тапта Казакстанда ипотекага алган үйлөрүнүн акысын, банктардан алган насыясын төлөй албай калган адамдар көп кездешет. Акыркы айларда алардын айрымдары жер-жерлерде акцияларды өткөрүп, мамлекеттин көңүлүн бурууга аракет кылып келатышат.

Үч баланын энеси, жалгыз бой аял Райхан Алимбаева 30 жыл темир жолдо иштеген. 2006-жылы ал насыяга үй сатып алып, кийинчерээк ден-соолугуна байланыштуу жумушунан чыгып кеткен. Ошондон соң насыясын төлөй албай калган Райхан Алимбаева мындай дейт:

- Мен жетекчилерибизден көп үмүттөнүп жүрдүм. Эл үчүн, жер үчүн, эгемендигибиз үчүн иштейбиз деп айтып келишти го. Кыйналган элге, жумушчуларга жардам беребиз дешпеди беле. Эми ошол жетекчилерден эч кандай көмөк болгон жок. Банктар болсо «биз бийликке баш ийбейбиз» деп, үй-жайыбызды алмакчы болуп атышат.

Алма Нурмухамметова аттуу аял да 2007-жылы үйүн күрөөгө коюп, айланта коймокчу болуп банктан 170 миң доллар насыя алган. Эми ал да Алма-Атадагы ачкачылык акциясына кошулуп, үй-жайын коргоонун акыркы чарасын көрүп жүргөн кези.

XS
SM
MD
LG