Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

“Алтерра” уюму: Кыргызстандагы балдар үйүнө жардам беребиз


Прагадагы кайрымдуулук кечесине көмөктөшкөн кыргыз жаштары. 2010-жылдын 19-октябры. ТЧ.
Прагадагы кайрымдуулук кечесине көмөктөшкөн кыргыз жаштары. 2010-жылдын 19-октябры. ТЧ.

Шейшемби күнү (19-октябрда) кечинде Чехиянын ордо шаары Прагада Кыргызстанга кайрымдуулук көмөк уюштурууга арналган кече болуп өттү. Бейөкмөт “Алтерра” уюмунун бул кезектеги кечесинде чех жана англис гитарачылардын жана борбордук азиялык өнөрпоздордун ыр-күүлөрү жаңырды.

Праганын Смихов деген бөлүгүндөгү “Ыйык жүрөк” (Kostel Sacre Coeur) деп аталган татынакай чиркөө имаратында 19-октябрда өткөн кайрымдуулук кечеси ыр-күүлөр жана тоолуу Кыргызстандын ажайып жерлеринин сүрөтү камтылган мултимедиялык көргөзмө менен коштолду.

Жыйындын уюштуруучусу Барбора Новакова (Barbora Nováková) айым Кыргызстандын дээрлик көпчүлүк аймагын жөө кыдырган саякатчы. Ал тарткан сүрөттөрдө жайлоонун ысыгына күйүп, сугуна тоңгон карапайым кыргызстандыктардын күндөлүк турмушу чагылдырылган экен.

Барбора Новакова менен Йозеф Клима Кыргызстанга арналган кайрымдуулук кечесинин уюштуруу иштерин талкуулоодо. 2010-жылдын 19-октябры. ТЧ.
Новакова айым Кыргызстандын элин жана керемет жаратылышын мактап, өзү жетектеген бейөкмөт уюм Кыргызстандагы балдар үйлөрүнө жардам кылуу үчүн каражат жыйып жатканын чогулгандарга айтты.

Кечени алып барган белгилүү чех журналисти жана публицист Йозеф Клима (Josef Klima) мырза Кыргызстандан сатып алынып келинген этнографиялык буюм-тайымдар бул кече маалында аукционго коюлаарын эскертти.

Бул буюм-тайымдардын аукциондук сатыгынан түшкөн каражат да Кыргызстандагы балдар үйлөрүнө көмөк каражатка кошулаарын Клима мырза кошумчалады.

Кече маалында айтылуу чех гитарачысы Штепан Рак (Štěpán Rak) бир нече ыр-күүнү аткарып, дүркүрөгөн кол чабууларга арзыды.

Штепан Рак - гитара аспабы боюнча университет профессору наамын алган Чехиядагы алгачкы өнөрпоз. Бул ардактуу наамды ага 2000-жылы ошол кездеги президент Вацлав Гавел тапшырган.


Профессор Штепан Рак кайрымдуулук концерти маалында. Прага ш. 2010-жылдын 19-октябры. ТЧ.



Штепан Рак мырзага удаа англис гитарачы өнөрпоз Жастин Лаваш (Justin Lavash) мырза өз өнөрүн көрсөттү.

Жастин – фольклордук ыр-күүлөрдү, анын ичинде жазз (jazz) жана блүз (blues) түрүндөгү чыгармаларды мыкты аткарган, өзү да чыгармалар жараткан таанымал өнөрпоз.

Андан соң “Азаттыктын” Түркмөн кызматынын кызматкери Мурат Рахимов жетектеген Борбордук Азия фольклордук музыка тобу да чакан концертин тартуулап, кечеге катышкандарды өзгөчө ыраазы кылды.

Кайрымдуулук кечесине келген коноктор менен жандуу баарлашкан ыктыярдуу жардамчылардын арасында кыргыз улуттук чапанын жана жарашыктуу элечегин кийип, кыргыз маданияты жана улуттук тамак-ашы тууралуу элге кеп салып берген Асел айым да болду.

- Менимче, бүгүнкү, 19-октябрдагы кече абдан жакшы, көңүлдүү өттү. Ал келген элдин баарына жакты. Алар Кыргызстан жөнүндө жакшы ой менен кетишти. Аукциондо сатылгандардын баары биздеги балдар үйлөрүнө жиберилчү акча каражатына кирет. Жардам бергиси келген аябай көп кишилер кечеге келип кетишти.

Ал эми Чехиянын Брно шаарында окуп жаткан кыргызстандык студент Алмаз болсо бул кечеге ар башка улуттун өкүлдөрү чогулганын байкаган экен:

- Чехтер өздөрү кыргыз кечесин уюштурушуптур. Көбүнчө Кыргызстандын жайлоолорунун турмушун чагылдырышыптыр. Сүрөттөрү аны айкындап көргөзүп турат. Биздин шырдактарды аукционго өткөзүштү. Жалпысынан жакшы кече болду, көп улуттардын өкүлдөрү келди.


Гитарынын мукам доошу аркылуу жүрөк кылын черткен Жастин Лаваш. Прага ш. 2010-жылдын 19-октябры. ТЧ.


“Алтерра” уюмунун өкүлдөрү чогулгандарды Кыргызстанга байма-бай каттап турууга да чакырды.

Кече соңунда биз менен баарлашкан ырчы Жастин Лаваш мырза Кыргызстанга өзгөчө кызыгып калганын, жакынкы болочокто бул өлкөгө барууга ниеттенип жатканын айтты.

"Жолдошуңузду да ээрчип алыңыз," - деп тамаша-чыны аралаш айттым.

"Албетте, жубайымды Кыргызстанга, Ысык-Көлгө сөзсүз ала барам", - деди ал.


“Алтерра” кайрымдуулук уюму былтыр (2009-жылы) негизделген.


Алтерра (Alterra) уюмунун кайрымдуулук ишмердүүлүгү тууралуу плакаты. Прага ш., 2010-жылдын 19-октябры. ТЧ.

Бул уюмдун аталышы латынча „terra“ (“жер”) жана „alternae“ (“биргелешкен”) деген сөздөрдөн куралган.


Демек, көйгөйлөр чогуу-чаран чечиле турган жер деп түшүнсөк болот.

Бул уюмдун Кыргызстанга арналган кайрымдуулук чараларын чагылдырууда медиа шерик катары “Азаттык үналгысы” да өз салымын кошуп келди.

XS
SM
MD
LG