Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Скипхолдо жүргүнчүлөрдү дүрбөлөңгө салган окуя иликтенип жатат


Скипхол аэропорту.
Скипхол аэропорту.

Нидерланддын баш калаасы Амстердамдагы Скипхол аба майданында 6-ноябрда Мадридди көздөй учканы жаткан учакта борттогуларды барымтага алганда, же учакты качыруу аракети болгондо чукул кабар берген система иштеп кеткен.

Мындан улам чукул коопсуздук чаралары көрүлүп, жүргүнчүлөр дүрбөлөңгө түшкөн. Терминалга дароо аскердик полиция келип, элди эвакуциялаган.


Бирок учакка ээлик кылган испаниялык "Air Europa" авиакомпаниясы эч кандай чукул жагдай түзүлбөгөнүн, пилот мындай системанын кнопкасын кокусунан басып алганын айтты жана жүргүнчүлөрдөн кечирим сурады.

Анткен менен Голландиянын полициясы жүргүнчүлөрдү дүрбөлөңгө салган окуяны иликтей баштады.

Скипхол аэропорту учак каттамдарынын жана жүргүнчүлөрдүн саны жагынан Лондондогу Хитроу жана Париждеги Шарль де Голль аэропортторунан кийин эле Европада үчүнчү орунда турат. Аэропорттун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, жыл сайын аба майдандан 6,5 миллиондой киши ары-бери каттайт.

XS
SM
MD
LG