Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

Казакстандык жазуучу Германиянын ордени менен сыйланды


Геролд Бергер, Алматы шаары, август, 2009-жыл
Геролд Бергер, Алматы шаары, август, 2009-жыл

3-мартта казакстандык жазуучу Геролд Белгер Германия Федеративдүү жумуриятына сиңирген эмгеги үчүн орден алды. Теги немис жазуучу казак, немис жана орус тилинде жазган чыгармаларында сталиндик репрессияларга туш болгон Поволжье немистеринин тагдырын чагылдырып жүрөт.

75 жаштагы Белгер Казакстандагы немистердин тагдыры жана турмушу жөнүндө жазган чыгармалары менен таанылган. Калемгер 1934-жылы Поволжьеде немистердин үй-бүлөсүндө туулган. Бала кезинде казактардын айлында өскөн.

3-мартта Германиянын Астанадагы элчиси Райнер Эуген Шлагетер Алматыдагы консулдукта өткөн салтанатта сыйлыкты ээсине тапшырды. Элчиликтин билдирүүсүндө белгиленгендей, Белгер Волга боюнда жашаган немистердин Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында Борбор Азияга депортацияланышын, алар туш болгон кыйынчылыктарды, казак коомуна интергациясын сүрөттөгөнү үчүн жогорку орден менен сыйланды.

"Азаттыктын" Казак кызматынын кабарчысы менен маектешип жатып, жазуучу орденди анын эмгегине берилген жогорку баа катары кабыл алаарын айтты:

- Сыйлыкка Германия президенти кол коюптур. "Эки эл ортосундагы достук, байланышты бекемдегени үчүн" деп айтылыптыр. Демек менин чыгармачылыгым Германияда аз болсо да белгилүү болсо керек. Мен үчүн бул чоң сыймык.

Анын акыркы романы "Das House des Heimatlosen" – "Сүргүндөгү үй" деген чыгармада согуш учурунда Казакстандагы эмгек лагерине айдалган этникалык жаш немистин тагдыры баяндалат. Роман Германияда басылып чыккан автордун алгачкы чыгармасы.

Белгер өзү болсо тарыхый мекенинде эки ирет гана болуптур. Бирок Германиянын адабий турмушуна жакындан көз салып турат.

- Германияда чыккан адабиятты окуп турам. Мага асыресе биздин советтик немистер кол жазмаларын жиберип турушат. Мен аларга макала, рецензия жазам. Демек эки элдин арасында менин данекерлигим бар деген сөз.

Поволжье немистери 18-кылымда орус канышасы Екатерина Экинчинин чакыруусу менен келип, Орусияда отурукташкан немистердин урпактары. СССР кулай электе Казакстанда немистердин саны 1 миллионго жетчү. Алардын көбү ФРГнин өкмөтү сунуш кылган тарыхый мекенине көчүрүү программасынан пайдаланып, Германияга кетишкен. Азыр Казакстанда 300 миңдей немис кала берүүдө.

Кээ бирлер Белгерди "нагыз казак" деп аташат. Жазуучу казактар аны өз катарына кабыл алышса, ал үчүн бул эң чоң урмат дейт:

- "Нагыз казак" дегендерге мен бир аз күлүмсүрөп караймын. Бирок мен казак айлында өстүм, казак мектебин бүтүрдүм, казак тилин казактай билемин. Демек мени казактар сыйласа, мактаса, жакшы сөздөрдү айтышса, мен ага каршы эмесмин. Бирөөлөр: "Белгер казак боломун деп, боло албай жүргөн немис" деп айтышат. Ага да каршы эмесмин. Башка улуттун өкүлү болуу кыйын. Казактар өз катарына кабыл алышса, мен үчүн бул өтө чоң сыймык, кубаныч. Немис экенимди билемин, аны эч качан жашыбаймын. Аны чоң даража деп санайм.

XS
SM
MD
LG