Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:01

Праганын булбулу Карел Готт 70ке чыгат


Карел Готт Борис Александровдун "Кызыл армия" хору менен, 2-май, Брюссел
Карел Готт Борис Александровдун "Кызыл армия" хору менен, 2-май, Брюссел

Чехиянын поп-жылдызы Карел Готт бүгүн 70 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Өз элинде гана эмес, мурдагы коммунисттик өлкөлөрдө да кеңири таанымал ырчы туулган күнүн «кылым концерти» менен майрамдай тургандыгы кабарланууда. Карел Готтун кайталангыс сахна тагдырына көз чаптырсак.

Карел Готту «Чыгыштын Синатрасы», «Праганын кубулжуган добушу» деп аташат. Жүзүнөн жылмаюу кетпеген Карел Готтун мукам үнү такай дүйнөдөгү эң атактуу концерт сахналарынан жаңырып келет. Анын Чыгыш Европада, мурдагы советтик жумурияттарда, Германияда сансыз күйөрмандары бар.

Жергиликтүү маалымат каражаттары анын 50 жылдык ырчылык өмүр жолу бүгүн Прагада «кылымдын музыкалык окуясы» менен белгилене тургандыгын жар салышты.

840 миң доллар чыгымдалган концерт Карел Готтун туулган күнүнө арналууда. Бирок ырчы өзү жарык дүйнөгө июл айында келген.

Карел Готт училищеде электрик кесибин алган. 1950-жылдары клуб, кафелерде ырдап жүрөт. Кийин Праганын консерваториясында окуп, 1963-жылы авангардчыл Семафор театрында ырдай баштайт. Бул анын жарым кылымдык ырчылык карерасынын башталышы болуп калат.

Ал жылы Карел Гот коммунисттик Чехословакиянын жыл сайын берилүүчү эң баалуу Алтын Булбул сыйлыгын алат.

Анын «Кар баскан көздөр» деген ыры ошол эле жылы эң популярдуу ыр болуп калган. Андан бери Карел Готт аталган сыйлыкка 34 жолу татыктуу болот.

Карел Готт дүйнөлүк сахнага 1977-жылы Рио-де-Женейродогу кароодо «Карнавал айым» деген ыры менен кадам таштады.

Андан берки 30 жылда Карел Готт төгөрөктүн төрт бурчунда эл жык-жыйма толгон концерт залдарында ырдап келет. Бирок анын күйөрмандары мурдагы коммунисттик блокто айрыкча көп.

Баходур Нематов – тажикстандык белгилүү ырчы. Ал Карел Готтко жолукпаганын арман кылат. «Карел Готт Советтер Союзунда укмуштуудай таанымал болчу»,- деп эскерет ал.

Карел Готт коммунизмдин убагында анти-коммунисттик Хартияга кол койгондо да, бийликтер анын кылын кыйшайта алган эмес. Чехиянын эстрадалык музыкасында күнү бүгүн да ага эч ким тең тайлаша албайт.

Жашы 70ке таяп калса да, ырчынын сахнадан кетүүгө нийети жок. Жакында аны сынчылардын бири «тирүүлөй өлүк» деп жазып чыккан эле. Көп өтпөй анын жаңы чыккан «Мени жүз жолу көмүштү» деген ыры кайрадан көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланды.

«Мени жүз жолу көмүштү, мен жүз жолу кайра турдум, эгер ырдаганга ыр калса, мен кайра дагы кайтып келем» деп ыр кайрыйт карыбас Карел Готт.
XS
SM
MD
LG