Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:50

Бүгүн эл аралык майыптар күнү, аларга камкордук жетишсиз


Бүгүн Кыргызстанда Майыптардын эл аралык күнү белгиленди. Дал ушул күнү Майып балдар ата-энелеринин ассоциациясы президент Курманбек Бакиевге жардам сурап ачык кат менен кайрылышты.

Майып балдар ата-энелеринин ассоциациясы президент Курманбек Бакиевге ачык кат менен кайрылышып, жалпы эле майыптарга жана аларды кароого аргасыз болуп үйдө отурушкан ата-энелерге мамлекеттин көңүл бөлүшүн суранышты. Мамлекет өлкөдөгү 111 миңден ашуун майыптарга жөлөк пулдарды берип, айрым социалдык жеңилдиктерди караштырганы менен адистердин айтымында бул жетишсиз болууда.

Айдай Черикбаева 23 жашта. Жүрөктүн тубаса кемтиги менен ооруган Айдайдын көңүл буруусу, акыл-эси жана кыймыл-аракети жакшы өрчүбөй калган. Айдай апасы чыгарган ырларды жатка айтууга, үйүндө түймө түйгөнгө аракет кылганы менен акыл күчүн талап кылган татаалыраак түймөлөрдү же иштерди жасай албай кыйналып кетет. Анын апасы Асия Айдаралиева Майып балдар ата-энелеринин ассоциациясынын мүчөсү. “Өзгөчө ушундай кыйын күндөрү мамлекет майыптардын маселесине жакшылап көңүл бөлсө”,- дейт ал:

- Менин жети балам бар, өзүм жесирмин. 10 жылдан ашуун убакыттан бери ассоциациянын мүчөсүмүн. Өзүмдүн тажрыйбаларымды бөлүшүп, балдары майып болуп калган энелерге жардам кылып, дем-күч берип турам. Менин ушул эле кызым ушундай болуп калды. Калгандары жакшы, акыл-эстүү эле.

Майып балдар ата-энелеринин ассоциациясынын төрага орун басары Роза Саркибаева, мамлекет майыптарды окутуу, аларды дары-дармек, кольяска менен камсыз кылууга көмөктөшүүдөн тышкары, майып балдарды карап, жумушка чыкпай калган адамдарга айлык акысын сактоо, эмгек стажын үзгүлтүккө учуратпоо жана пенсиялык төлөмдөрдү мамлекет эсебинен төлөп турууну колго алса жакшы болмогун айтат:

- Эң негизгиси эле ушул майып балдардын энелери же аталары иштегиси келбегендиктен же жалкоолуктан иштебей жатышкан жок. Алар убагында ушундай балдары төрөлгөнгө чейин жакшы жумуштарда иштеп, жакшы айлык-акы алышчу. Бирок ушундай балдар төрөлүп калып, жумуштарын да таштаганга туура келген.

Бүгүнкү күнү майыптарга берилчү социалдык жөлөк пулдардын орточо суммасы 716 сомду түзөт. Андан тышкары мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга медициналык жана башка жеңилдиктер берилген. Адистердин айтымында, Кыргызстанда бир айдын ичинде бир адам эң төмөн дегенде 3500 сомдун тегерегинде акча керектейт. Ал эми төлөнүп жаткан жөлөк пулдар бул сумманын 20 пайызын гана түзөт.

Майыптарга ошондой эле айрым бейөкмөт уюмдар да жардам берип келишет. Ошондой уюмдардын бири болгон “Адопшн чоң эне” коомдук фонду Майып балдар ата-энелеринин ассоциациясына каржылык жактан көмөк кылып келет. Фонддун менеджери Салтанат Сапарбекова мындай дейт:

- Майып балдар ата-энелеринин ассоциациясында 300 ашуун ата-энелер бар. Алардын ичинде карысы да жашы да бар. Биз буларга кичинеден жардам берип келгенбиз. Эми буларга, жалпы эле майыптарга жардам берүүсү үчүн мамлекетке, биздин президентке кайрылып жатабыз.

Өкмөттүн “Майыптарды мамлекеттик колдоонун комплекстүү чаралары” аттуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата социалдык саясат программасы бар. Социалдык коргоо жана эмгек министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Курманкул Жумалиев бул жаатта бөлүнгөн каражатка жараша иштер жүрүп жатканын айтат:

- Өлкөбүздөгү 111 миң майып адамдарга бардык жагынан колдон келген жардамыбызды бөлүнгөн каражатка жараша берип келатабыз. Мына ушул майыптардын бардыгы учурда орточо эсеп менен 716 сомдон жолөк пул алышат.

XS
SM
MD
LG