Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:48

Иракта нааразылык акцияларында кеминде он адам ажал тапты


Иракта каршылык акциялары 1-октябрдан бери токтой элек.
Иракта каршылык акциялары 1-октябрдан бери токтой элек.

Багдадда өкмөткө каршы нааразылык акциясына чыккан алты адам коопсуздук күчтөрүнүн огунан ажал тапты. Басра шаарында болсо бери дегенде төрт киши өлгөнү белгилүү болду. Полиция 7-ноябрдагы кагылыштарда ондогон тургун жаракат алганын билдирди.

Тартип сакчыларынын маалыматына ылайык, Багдаддын борборундагы Шухада көпүрөсүнүн тушунда коопсуздук күчтөрү демонстранттарга ок атып, 35 киши жаракат алды. Чогулгандар көпүрөгө коюлган тосомолорды жырып өтүп, мамлекеттик мекеме-ишканалар, чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр жайгашкан «жашыл аймакка» өтүүгө аракет кылышты.

Өлкөнүн негизги мунай шаары деп эсептелген Басра калаасында бир топ күндөн бери иш таштап, отуруп алып каршылык билдирип жаткан демонстранттарга ок атылды. Нааразылык акциялары Ирандан башка аймактарында да өттү.

Порттук Умм-Каср шаарында да кагылышуу болгону кабарлады. Бул шаар аркылуу өлкөгө буудай, өсүмдүк майы жана шекер өңдүү негизги азык-түлүк ташылат.

Иракта бийликке каршы демонстрациялар 1-октябрда башталган. Көчөгө чыккандар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясы менен суунун улам-улам өчүрүлгөнүнө нааразы болуп жатышат.

Бир айдан берки тоз-тополоңдо ажал тапкандардын саны 260 кишиден ашты.

Иракта 40 миллиондой эл жашайт жана ал кара май өндүрүп, экспорттогон дүйнөдөгү бешинчи мамлекет болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG