Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Казакстанда жаза берүү жумшартылганы турат


Казакстандын Юстиция министри Загипа Балиева түрмөдө жаткандардын санын азайтуу максатында мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл деген демилге менен чыкты. Анын айтымында, болор-болбос эле мыйзам бузуулар үчүн жакшынакай эле адамдар кылмышкер деген айыпка жыгылып, нечендеген тагдырлар талкаланууда. Анын үстүнө түрмөдөгү түмөн адамдарды кармоого мамлекеттик казынадан эбейгейсиз каражат жумшалууда.

Казак парламентинин төмөнкү палатасында 16-мартта сүйлөгөн сөзүндө Загипа Балиева президент Н.Назарбаевдин тапшырмасы менен мыйзамга өзгөртүүлөр даярдалып жатканын айтты. Эми майда-чүйдө мыйзам бузуулар үчүн абактын ордуна мыйзам бузгандар административдик жазага тартылышып, айыппул төлөп кутулушат.

Министрдин маалыматы боюнча ушул тапта Казакстандын түрмөлөрүндө жаткандардын жарымы оор кылмыш кылгандар. 30 пайыздайы болсо өтө оор кылмыш жасагандар. Ал эми 16 пайызы анча оор эмес кылмышка баргандар.

Казакстанда бир кылмышкерди абакта кармап, тамак, жатак менен камсыз кылууга мамлекет 930 теңге жумшайт. Ал эми жылына 303 миң теңгеге жакын акча кетет. Ошол эле маалда түрмө кайтаргандар, түрмөдө иштегендер үчүн акча андан аз коройт экен.

Министр адамдар анча-мынча кылмыш кыла коюп абакка жаткандан оңолгондун оордуна кайра бузулуп чыгаарын баса белгиледи. Анын үстүнө мамлекеттин акчасы да ашып-ташып отурган жери жок, экинчиден, темир тор артына кеткендердин үй-бүлөсүн дагы аяшыбыз керек. Үчүнчүдөн, коом өзүнүн дагы бир мүчөсүнөн айрылбай калат, ал андан көрө түрмөдөн тышта туруп уурдаган чөнтөк телефонду же тоокту кайра ээсине кайтырып бергени жакшы, - деп негиздеди өз демилгесин министр Загипа Балиева.

Өкмөт мүчөсүнүн бул ишин укук коргоочулар колдоого алышууда. Марат Башимов мындай мыйзамды эчак эле кабыл алыш керек болчу, анткени коом муну көптөн бери күтүп аткан деген пикирде. «Биздин соттор, - деп пикирин улайт укук коргоочу, - ашыкча эле сактанышып, катуу жаза чектегенге кынык алып алышкан. Шарттуу жаза чектөөнүн ордуна алар 4-5 жылдан кесип жибергенди туура көрүшөт», - дейт Марат Башимов.

Ал эми казакстандык дагы бир укук коргоочу Евгений Жовтис адам сатуу кылмышынын мисалында чыныгы кылмышкерлерге каршы күрөштү күчөтүү зарылдыгын белгилейт:

- Өтө кажеттүү чаралардын бири – муну менен бир гана мамлекет күрөшпөө керек. Адамдар товар иретинде жеткирилип жаткан мамлекеттерде да катуу чаралар жүрүшү керек. Бул жерде коррупцияга каршы күрөшүүгө да туура келет. Себеби сатылган адамдарды чек ара бекеттери аркылуу өткөрүшөт. Ошондуктан бул комплекстүү, татаал маселе.

Марат Баширов деле чыныгы башкесерлерди, зөөкүрлөрдү катуу жазалоо керек дегенди кошумчалайт. Ошону менен бирге ал абакка бир ирет түшкөн киши тууган-туушкан, дос-тамырларынын, кесиптештеринин алдында катуу сынып калаарын, түрмө адамды оңобой эле көп убакта бузуп салаарын белгилеп, негизи жазаны жеңилдетүүнү колдой турганын айтат.

XS
SM
MD
LG