Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Казакстанда кармалган өзбек качкындары мекенине кайтарылышы мүмкүн


Жубайлары Казакстанда камакка алынган качкындар.
Жубайлары Казакстанда камакка алынган качкындар.

Апта башында Алматы шаарында Өзбекстандын качкын макамын алабыз деп жүргөн кырктан ашуун жараны кармалган. Алардын жыйырма бештейи учурда шаардык милициянын камак жайында жатат.

Прокуратура өкүлүнүн айтымында, камактагылар Өзбекстанга өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Окуя Шанхай кызматташтык уюмунун Ташкенттеги саммити башталар алдында болду.

Расмий маалыматка караганда, коңшу өлкөгө башпаанек издеп келген өзбекстандыктар 9-июнь күнү “Мигрант” деп аталган операциянын учурунда кармалган. Атын атагысы келбеген качкындардын бири кармоо кандайча жүргөндүгү тууралуу мындай дейт:

-Эртең мененки саат алты ченде качкындар, көбүнесе өзбекстандык качкындар жашаган үйлөргө полициячылар жана жөн-жай кийинген адамдардын тобу капыстан келишти. Кээ бир үйлөрдүн эшиктерин бузуп киришти, кээ бирлерин каккылашты.

Кармалгандардын көпчүлүгүнүн колунда аларга качкын макамын алууну көздөп жүргөн адам катары БУУнун Качкындар иши боюнча комиссариатынын Казакстандагы өкүлчүлүгү тарабынан берилген күбөлүктөрү бар. Бирок Алматы полициясынын өкүлү, подполковник Айгелди Асанов кесиптештеринин аракетин Казакстандын Качкындар жөнүндөгү жаңы мыйзамы менен негиздеди:

-Аталган мыйзамга ылайык эрежелер иштелип чыккан. Бул чет элдик жарандардын көбү БУУнун Качкындар иши боюнча комиссариатынан сертификат алышкан. Бирок жаңы мыйзам боюнча ал сертификат жараксыз. Андыктан аларга жашаган жерлери боюнча бир аптанын ичинде кайра каттоодон өтүүсү үчүн чакыруу жиберилген. Кайра каттоодон өтпөгөндүктөн кийин алардын өлкөдө жүрүшү мыйзамсыз болуп эсептелинет.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Алматыдагы кабарчылары жүргүзгөн иликтөөгө караганда, кармалган 46 киши, анын ичинде бир аял күч менен шаардын миграциялык полициясына алынып барылган. Андан соң алар Алматынын ички иштер бөлүмүнө алынып келинип, сурак беришкенден кийин 20га жакыны бошотулган. Калгандары убактысынча камакка алынган. Кармалган өзбекстандыктардын жубайлары бейшемби күнү БУУнун Качкындар иши боюнча комиссариатынын Алматыдагы кеңсесин жана шаардык милициянын имаратын пикеттешти. Алматынын Алмалык районунун прокурорунун орун басары Гульнар Ахмедиева чогулгандар менен жолугушуу учурунда камактагылар Өзбекстанга өткөрүлүп берилиши мүмкүн экендигин жокко чыгарбады:

Гулнар Ахмедиева.
-Силердин жубайларыңардын кармалыш себеби - Өзбекстандан расмий өтүнүчү бар. Анда алар мамлекет аралык издөөдө жүргөндүгү айтылган. Ушул себептен улам кармалышты. Балким экстрадициялык камак болуп, Өзбекстанга чыгарылышат. Себеби ал жакта издөөдө жүрүшөт.

Өзбекстандык адам укугун коргоочу, Көз карандысыз укук коргоочулардын демилгелүү тобу деген уюмдун жетекчиси Сурат Икрамов “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде өзбек качкындары Казакстанда буга чейин деле кармалып жүргөндүгүн, бирок бул жолкудагыдай көп санда кармалуусу алгачкы ирет орун алып жаткандыгын белгиледи:

-Мындай учурлар көп эле жолу орун алган. Бирок азыркыдагыдай көп санда эмес. Мен билгенден Өзбекстандын атайын кызматтары ал жакка (Казакстанга) келишет. Казакстандын атайын кызматтары же милиция кызматкерлери менен биздин качкындарды табышат, атүгүл Өзбекстанга мыйзамсыз экстрадициялашат, Андан кийин бул жерде кылмыш ишин козгошуп, сот жообуна тартышат.

Сурат Икрамов “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде кошумчалгандай, эгер Казакстан кармалган качкындардын тобун Өзбекстанга өткөрүп берсе, бул өлкө өзүнүн эл аралык милдеттемелерин бузган чеки иш болот. Сурат Икрамовдун айтымында, үчүнчү бир өлкөдөн башпаанек алуу аракетинде соңку жылдары оболу Казакстанга же Кыргызстанга чыгып кетип жаткан өзбек качкындарынын көпчүлүгү динге берилгендер.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG