Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

М.Абжан: Н.Назарбаевдин экономикага кошкон салымы чоң деле эмес


Махамбет Абжан
Махамбет Абжан

Казак президенти Нурсултан Назарбаев 6-июлда 70 жылдык маарекесин белгилеп, өлкөнүн бардык аймактарында салтанаттуу иш-чаралар уюштурулду. Казак президентинин бейнесине казак жаштарынын “Абырой” уюмунун төрага кеңешчиси Махамбет Абжан “Азаттыкка” курган маегинде мындайча токтолду.

- Бүткүл казак жаштарынын атынан сүйлөй албайм, бирок оппозициялык жаштар уюмдардын атынан сүйлөөгө укугум бар деп ойлойм. Анткени өзүм Назарбаевдин саясий режимин сынга алып, Кыргызстандагыдай сыяктуу революцияны бизге да каалайм деп билдирүү жасагандан кийин мени Бишкектен алып келип үч жылга соттошту.

Ошондуктан бүгүн Назарбаев тууралуу айтууга моралдык укугум бар деп ойлойм. Бирок бүгүн мен аны сындагым келген жок. Андыктан мен бүгүн Нурсултан Абишевичти тек гана куттуктап, тезирээк пенсияга кетип, жаштарга жол берсин деп үндөйт элем. Анын бир гана касиетин белгилегим да келип турат: ал демократ эмес, анти-демократ болуп калды.

“Азаттык”: Мамлекеттик башкаруучу катары да кандай баа берет элең? Анткени Казакстандын экономикасынын өнүгүшүнө Нурсултан Назарбаевдин салымы чоң деген билдирүүлөр байма-бай эле айтылып келатпайбы

- Кыскасы 1993-жылдан бери Н. Назарбаев суперпрезиденттик республика түзгөнгө үлгүрдү. Экинчиден, Менделеев таблицасындагы бардык минералдар жана заттар Казакстандын аймагында бар. Бирок биз өзүбүздүн мунай жана газ мүмкүнчүлүгүбүздү толук кандуу пайдалана албай жатабыз. Биздеги кен байлык, мунай, алтын, темир, газыбыз менен өнүккөн Европа мамлекеттериндегидей, Араб Эмираттарындагыдай жашоого толук мүмкүнчүлүктөрүбүз бар эле. Ошондуктан бул жерде Назарбаевдин казак экономикасына кошкон чоң салымы деле жок дейм.

XS
SM
MD
LG