Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Пушкиндин жомоктору кыргызча чыгат


Улуу орус акыны Александр Пушкиндин жомоктору кыргыз тилинде жарык көрөт
Улуу орус акыны Александр Пушкиндин жомоктору кыргыз тилинде жарык көрөт

Бишкектеги басмалардан жакында Пушкиндин жомокторунун кыргызча котормосу, Алыкул Осмоновдун үч томдугу, Асанбек Стамовдун “Хан Тейиш” романы, “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү” жана дагы башка эмгектер жарык көрмөкчү.

Бишкектеги “Турар” басмасынан жакында Кыргыз эл акыны Эрнис Турсуновдун котормосунда орус акыны Александр Пушкиндин жомокторунун кыргыз тилинде котормосу жарык көрөт. Китеп түстүү сүрөттөр менен жасалгаланды. Ал эми аталган котормонун жасалгалары белгилүү кыргыз сүрөтчүсү Зарема Мидинованыкы. “Турар” басмасынын директору жана “Жаңы Ала-Тоо” журналынын редактору Тилек Мураталиевдин айтымында аталган басма айрыкча балдар адабиятына көңүл бурат жана алдыда дүйнөлүк классикалык балдар адабиятынын үлгүлөрүнүн котормолорун басып чыгарат:

- Бизде балдар үчүн китептер аз эмеспи. Айрыкча унутулуп калган же кыргызча али чыга элек дүйнөлүк балдар адабияттарына кайрылалы деп жатабыз. Биздин басмага совет учурунда басмага сунушталып, чыкпай келаткан дүйнөлүк акын-жазуучулардын балдарга арналган чыгармалары келип түштү.

Ошондой эле “Турар” басмасынан фольклор изилдөөчү Буудайбек Сабыр уулунун 40 жылдай убакыттан бери эл арасынан чогултуп келген фольклордук чыгармалары жакында басылып чыгат. Тилек Мураталиевдин билдиришинче Буудайбек Сабыр уулу жыйнаган жомоктордон турган бул китеп – күзүндө Германиянын Франкфурт шаарында өтө турган эл аралык китеп көргөзмөсүнө катышат. Ошондуктан жомоктордун жасалгалары үчүн сүрөтчүлөрдүн арасында сынак жүрмөкчү:

- Жомокторго сүрөттөрдү тартуу, боекторун тандоо бир топ чыгармачылыкты талап кылат экен. Биз муну Пушкиндин жомокторун иштөөдө түшүндүк. Ошондуктан сүрөтчүлөрдүн арасында сынак жарыялайлы деп жатабыз.

“Турар” жеке менчик басмасы улуттук руханий байлыкка айланган чыгармаларга өзгөчө көңүл бөлүп, аларды басып чыгарууга кызыкдар. Айрым авторлорго колдоо көрсөтүп, кол жазмаларын басып чыгарып, калем акы да төлөп келет. Аталган басма учурда Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана Адабият институту менен биргеликте баалуу кол жазмаларды басып чыгаруунун үстүндө иштешип жатышат.

Учурда Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жамааты “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн” жана кыргыз элинин маданий тармактарын изилдөөгө алган “Искусство” эмгегин басмага даярдап жатат. “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү” 1969-жылы бир китеп болуп, кыска эле болуп жарык көргөн. Ал эми 1984-жылдагы басылышында болсо – А тамгасынан К тамгасына чейинки гана сөздөр камтылып, калган алфавиттеги сөздөр калып калган. Аталган институттун директору Абдылдажан Акматалиевдин пикиринде кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү – “Манас” баш болгон кыргыз эпосторунан кирген сөздөр менен байып жатат.

Ал эми “Бийиктик басмасынан кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамовдун XVII-XVIII кылымдардагы кыргыз тарыхына кайрылган “Хан Тейиш” романы, Алыкул Осмоновдун үч томдугу жана таймаш өнөрү боюнча устат Макен Исаковдун “Таймаш өнөрү” деп аталган китеби чыгып жатат. “Бийиктик” басмасынын директору Жумадин Кадыров учурда Асанбек Стамовдун “Хан Тейиш” романын редактор катары карап жатат:

- Китепте XVII-XVIII кылымдардагы кыргыз тарыхына байланышкан үлкөн тарыхый окуялар камтылган. Ал кездеги жоокерчилик заман, кыргын-сүргүн, анын ичинде жеке адамдардын тагдыры, кайгы-кубанычы, сүйүү мамилелери сүрөттөлөт. Асанбек Стамовдун бул китеби окурманга кызыктуу китеп болот деген ойдомун.








XS
SM
MD
LG