Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:07

Санта-Клаустардын экинчи фестивалы өтөт


Кыргызстанда быйыл жыл башында Санта-Клаустардын биринчи фестивалы өткөн
Кыргызстанда быйыл жыл башында Санта-Клаустардын биринчи фестивалы өткөн

Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Турусбек Мамашев экинчи ирет өткөнү жаткан бул иш чара тууралуу "Азаттыкка" кеп салып берди.

- Турусбек мырза, Санта-Клаустардын фестивалы быйыл да уюштурулуп жатыптыр. Бирок былтыр “Кыргызстан - Санта-Клаустардын өлкөсү ” деген ураан астында өткөн фестваль улуттун, кыргыз элинин ар-намысына тийе турган ар кандай пикирлерди жаратпадыбы? Мындай иш- чаранын экинчи ирээт өткөрүү канчалык маанилүү?

- Бул кыргызстандыктар үчүн өтө керек, өтө маанилүү иш болот. Себеби бүгүнкү күндө Кыргызстанды дүйнө жүзүндө көп мамлекеттер туризм өлкөсү катары тааныбайт, чынын айтыш керек. Ошон үчүн бул өзүнчө туристтик бренд, дүйнөлүк бренд. Былтыр шведдик “Света” деген компания ааламдын, жер шарынын борбору - Кыргызстан, бул жерден балдарга белекти тез аранын ичинде тапшырууга болот деп, Кыргызстанды Санта-Клаустардын өлкөсү деп жарыялаган. Ал демилгени биз алып, былтыр февралда биринчи болуп эл аралык Санта-Клаустардын фестивалын өткөргөнбүз. Мына бүгүнкү күндө тааный баштады.


- Батыштын Санта-Клаусу менен катар кыргыздын Аяз-Атасын даңазаласа деле болот эле да?

- Сөзсүз түрдө, биз материалдарды, фильмдерди бердик, биздин Аяз-Атабыз, казактардын Аяз-Атасы, өзбектердин Харви-Фруз, ирандардын Харжи-Фруз, ар бир өлкөнүн өзүнүн каарманы бар. Алар сөзсүз өздөрүнүн кийми менен чыгат да. Санта-Клаус деп европалыктар аныктап чыккандан кийин, алардын аты менен чыгып атабыз. Айтып атпаймбы, бул дүйнөлүк бренд.

- Быйыл аталган феставаль кандай өңүттө өтөт? Азыр кандай даярдыктар көрүлүүдө?

- Быйыл өтө чоң даярдык болуп атат. Кудай буюрса 5-февралда экинчи эл аралык Санта-Клаустардын фестивалын өткөрөбүз. Бул жерде былтыркыдан көбүрөөк, 60ка жакын өлкө катышат. Бул биринчиден, туризмди таанытуу, экинчиден биздин кышкы туризмди өнүктүрүү. Ошон үчүн мамлекеттик деңгээлде каралып атат. Жакында Гусман деген журналист келип саммиттин алдында биздин президент менен маектешти, ошонун бир суроосу Санта-Клаус боюнча болуп атпайбы. Мен бул дүйнөдө Кыргызстанды Санта-Клаус өлкөсү катары таануу деп белгилейт болчумун. Ошон үчүн кудай буюрса, быйылкы фестиваль өзгөчө чоң деңгээлде өтөт. Бул - Кыргызстанды бүт дүйнө жүзүнө тааныта турган чоң окуя деп айтсам жаңылышпайм.

- Учурда кандай даярдыктар көрүлүп жатат?

-Азыр ТИМ, элчиликтер аркылуу чакырууларды бердик. Февралга чейин убактыбыз бар, ага карабастан биз бүгүнкү күндө иштеп атабыз. Чындыгында эле кечээ Ташкенде болгон туристтик жарманкеде ушунчалык чоң кызыгуу болду. Жүздөгөн балдарды алып барабыз, катышабыз, көрөбүз дешти. Биз ошондой деңгээлде даярданып атабыз. Ачылышы Бишкектен башталат, андан ары Ысык-Көл, анан Ала-Арча лыжа базасында өткөрөбүз. Программа өтө чоң, аны даярдап бүт өлкөлөргө таркаттык. Кызыгуу өтө чоң. Кудай буюрса бул өтө чоң деңгээлде өтөт.

- Сиз буга чейин Аяз-Ата резиденциясы курулуп бүткөндө Санта- Клаус басма сөз борбору иштеп, дүйнө жүзү менен маалыматтык байланыштар түзүлөөрүн билдирген элеңиз. Бул маселе кандай болуп жатат?

- Резиденцияны курууга каражат керек. Муну азыркы күндөн иштеп, жарыя салып, тендер уюштуруп, кандай гана өлкө болбосун катышып, акчаны өзү кошуп, өзү салганга мүмкүнчүлүк беребиз. Бул эми болочокто боло турган иш. Кудай буюрса резиденцияны салып алсак, азыркы фестивалды өткөрсөк, бизди таанып, ишенип, анан чоң инвестиция алып келгенге мүмкүнчүлүк болот.

- Кызыккан тараптар болуп атабы?

- Бар, биз Интернет аркылдуу чыгып атабыз. Бирок анын долбоору даяр эмес, долбоор даяр болору менен биз ошол тендерге жол ачабыз.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG