Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Жалал-Абат: Кайдигерликтин кесепети - кутурма


Жалал-Абат облусунда быйыл кутурмадан үч адам каза тапкан. Мындай окуяларды облустук өзгөчө кырдаал башкармасы каттаган. Облустун санитардык башкы дарыгери жогорку маалыматты четке кагып, Ноокен районунда 12 жашар бала өлгөн соңку окуя кайдигерликтин айынан болгондугун билдирди.

Өспүрүм каза болгондон кийин Ноокен районунда кутурмага каршы түшүндүрүү иштери жанданып, бодо мал-кой эчки эмделип, дейди иттер аттырылды. Бала ит капкан соң, кыйладан кийин суук тийгендикте шектелип, ысытма чыкканда доктурга жаткырылган. Облустук өзгөчө кырдаалдар башкармасынын оперативдүү бөлүмүнүн ага офицери Жыргалбек Алымжан уулу буга дейре кутурма дарты менен үч адам катталганын баян этти:

- Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына ушул жылдын эсебине кутурма оорусунан Базар-Коргон районунан -1, Сузактан -1, Ноокен районунан – 1 катталган. 1996-жылы туулган Сарыкбаев Эмил кутурма оорусунан каза болгондугун бизге билдирген. Эмилдин эжесинин айтуусу боюнча, Шайдан айыл өкмөтүндө жаңгак токоюнда жаңгак терип жүргөн кезде 1-октябрь күнү Кушбаков Казыбектин ити сол колунун алаканын тиштеп алган. Кушбаков менен сүйлөшкөндө ал ээси жок ит экенин жана оорулууга акчалай жардам бергенин айткан. Ит капкандан кийин 2-декабрда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылган, ал жерден Сатарова оозеки түрдө райондук аймактык ооруканага кайрылгыла деп жөнөткөн. Сатарова оорулууну көчөдө турган жеринен көргөн жана биринчи медициналык жардам көргөзгөн эмес. Каттоо журналында ит тиштегендиги тууралуу катталган эмес.

Быйыл 4300дөн ашык кишини түрдүү жаныбарлар тиштеген. Өспүрүм кайрылган дарыгер аны райондук оорукананын бөлүмүнө, бөлүмдүн адиси аны поликлиникага жиберген. Акыркы мекемеде бала дарыгерди көпкө күткөн. Мектеп деректири баланын окууда болгонун айтса, эжеси инисинин бир ай жаңгак терип жүргөнүн билдирген. Губернатордун орунбасары Дамира Алимжанованын ырастоосунда мал доктурлардын кутурган итти мурда эмдегени, анын токойчуга караштуу эместиги, эми 900 ит атылганы да ишенимсиз. Баланы тиштеген итин токойчу өлтүрүп салган. Өспүрүмдүн тагдырына кайдыгер караган дарыгерлердин иши укук коргоо уюмуна тапшырылды. Айрымдары кызматтан алынды.

Кутурманы ушундай ыкмалар менен жок кылууга болобу деген сурообузга Дамира Алимжанова түшүндүрүү иштерин солгундатпоо жагын билдирди:

- Токойчунун да күнөөсү чоң. Ал ишти жабууга аракет кылган. Бала эртеси күнү барып колумду итиңиз тиштеп алды дегенде, ал балага 400 сом акча берет. Бирок барып итти атып салат. Ветеринарлар өздөрүн актаганга аракет кылды, алар башка эле итти аткан дешти. Мен ойлойм токойчуга кызык эмес издеп жүрүп башка бирөөнүн итин атуу. Оорукананын жана үй-бүлөлү дарыгерлер борборунун башкы дарыгерлерине акыркы эскертүү менен сөгүш жарыяладык. Себеби ошолордун көзөмөлү болуш керек эле. Бул жерден мектептин директорун жумуш абалын кароо маселесин койдук, себеби ал киши бала мектепке келип аткан деген актануулар болду. Мен далилдеп бердим, себеби эжеси менен сүйлөшкөндө ал айтты бир айдан ашык сабактан калган деп.

Ноокендик бала убагында кутурмага каршы эмделбегендиктен каза болду. Ал айылдагы дарыгерге көчөдө кайрылган. Облустук санитардык көзөмөл борборунун баш дарыгери Үсөнкул Жоробаев башка аймактарда буга дейре кутурмадан адам өлбөгөндүгүн билдирди:

- Макул деп барса, дарыгер ордунда болбой калат, ал жерде ремонт болуп аткан экен. Түштөн кийин кайра кайрылбай, балалык кылып туруп келбей калат. Капкан ит кутурган, ал иттин ээси да айтпайт. Баланын апасы жок болот. Атасы дагы кийин маани бербей кайрылбайт. Ошонун кесепетинен бала кутурмадан өлөт. Ага чейин эле биз 4 жолу облусте көп секторлуу координациялык комитете караган болчубуз бул маселени.

Облустун аймагында кароосуз, дейди ит-мышыктар арбын. Жалал-Абат шаар тургуну Исмаил Маликовдун баасы боюнча дарыгерлер үймө-үй кароо жүргүзбөй калган, киши оорумайынча алар адамга көңүл бурушпайт. Мал ээлери да эмдөөгө маани бербейт, мал доктурлар да ишине кайдигер:

- Ветеринардык дарыгерлер паспортизация жок, убагында ийне сайышпайт. Көчө жүргөн иттердин бардыгын атыш керек. Элге агитация, пропаганда жок болуп калды акыркы мезгилде. Медициналык жумушчулар кутурган ит, кутурбаган ит, ал менчик итпи, тиштегенден кийин сөзсүз сыворатканы бериш керек, - деген пикирин билдирди Исмаил Маликов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG