Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Кыргызстанда төө куш бакканга кызыккандар көбөйдү


Төө куштардын фермасы
Төө куштардын фермасы

Мындан жети жыл мурун Кыргызстанга биринчи ирээт төө куш алынып келинген. Бүгүн болсо төө кушту багууга кызыккандар күн сайын көбөйүп жатат. Төө куштун этинен бир нече тамактын түрү жасалат, алардын арасында кыргыздын беш бармагын да атаса болот. Бирок аны сатып алууга чөнтөгү жука кыргызстандыктардын күчү жетпейт.

Төө куштардын мекени Африка деп эсептелингенине карабастан бул канатуу Кыргызстандын шартына деле тез көнүп кеткени айтылат. Чүйдүн Байтик айылындагы бул ферманын жетекчиси Кулболсун Шамудинов мындан 7 жыл мурун китептерден, интернеттен төө куш жөнүндө кызыктуу маалымат окуп, анан Орусияга барып 5 төө куш алып келген. Бүгүнкү күндө алардын саны 50гө жетти. Аларды жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша өз-өзүнчө топ-топко бөлүп багат. Фермадагы кызматкер Кырдаал Абдраевдын айтымына караганда, алар тез чоңоюп, ар кандай дарттарга да көп чалдыга беришпейт.

- Азыр короонун ичинде элүүгө жакын төө куш бар. Алардын арасынан сатылып анан кайра кошулуп турат. Үч жылдан бери мен ушул фермада эмгектенип келем, аябай көнүп калдым дебесемда көп сырын үйрөндүм. Биздин фирмадагылардын эң улуусу 7 жашта. Булар адамга окшош 70 жашка чейин жашашат. Улам жаштары өткөн сайын жетилип, жумуртканы да көп берип калышат дешет.

Башка канаттуулардан өтө айырмаланып турган төө куштарды багууда күн сайын бир кызыктуу окуяга күбө болом дейт маектешибиз. Бул канатуулар дагы анын үй- бүлөсүнө көнүп калган. Башка бирөөлөрдү короого жакын жолотпойт экен. Ошондой эле төө куш багуу мал бакканга караганда алда канча пайдалуу жана үнөмдүү. Мисалы, орточо эсеп менен алганда 1 төө куш бир күндө 1 килограммдан ашык жем жана ошол эле өлчөмдөгү чөп жейт.

- Электр жарыгы өчүп калганына байланыштуу көбүнчө көптү колго туурап берем. Ал эми жемге жүрөрүнү кошом. Жүгөрү жумуртка тууп жаткан учурда өтө пайдалуу. Кышкысын болсо балык беребиз. Негизинен бул канатуунун тамагы көк чөп болот.

Африкадагы төө куштар менен Кыргызстандагылардын айрымасына токтолсок, биздин климат өзгөчө жагабы же дагы башка себептери барбы, айтор, Кыргызстандагы төө куштар чоңураак келишет жана баштарын жерге катышпайт. Ал канаттуулардын эң чоңу. Бою 2,5 метрге, салмагы 130 килограммга чейин жетет. Ал эми өтө чоң эмес төө куш 70-75 килограммга чейин эт берет. Ич этинен болсо кудум жылкыныкындай кылып чучук, казы-карта да жасаса болот экен. Негизинен Кыргызстанда төө куштун этин сатып алууга карапайым калктын мүмкүнчүлүгү жете бербейт. Андыктан көбүнчө атка минээрлер, бай адамдар сатып алышат.

- Азыр кыргыздардын көпчүлүгүндө эле акча жок. Бирок байлар атайын заказ менен төө куштардын этин сатып кетишет. Эттен кыргыздын кадимки беш бармагын жасаса сонун болот,- дейт ферманын кожоюну Кулболсун Шамудинов.

Төө куштар жөнүндө кызыктуу учурларга токтоло турган болсок, анын жумурткасы 40 мүнөт кайнаганда араң бышат. Жумурткасынын салмагы 1,2 – 2 килограммга жетип, жегенге боло турганы жана балапан чыга турганы болуп эки түргө бөлүнөт. Балапан чыга тургандарынын түсү ак болуп, анын бирөөсүн 3 миң сомдон, бир айлык балапанын болсо 300 доллардан сатышат. Бирок буга карабай Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан кайрылып, төө куш багууга кызыккандар арбып баратканы туурасында Кырдаал Абдраев буларды белгилейт.

- Күнүнө дебесем да жумасын адамдар кайрылып, жумурткасын, балапанын сатып кетип турушат. Алардын көпчүлүгү багууга кызыгып, кеңеш сурашат. Бирок учурда өтө баа болуп турганы балапандары.

Ал эми Байтиктеги төө куш фермасынын кожоюну Кулболсун Шамудиновдун белгилегенине караганда, төө куштун эти, жумурткасы, териси, канаты, жүнү жадесе кыгыда колдонулат. Ошол себептүү Кыргызстанда бул канатууну багып алууга кызыккандар соңку кездер арбып баратат.

XS
SM
MD
LG