Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Элге тараган куралдарды кайтаруу үчүн кандай чаралар көрүлүш керек?


Кыргызстандагы 6-7-апрелдеги окуялар маалында жөнөкөй элдин колуна ок атылчу курал жарак тарап кеткен. Коопсуздук кызматынын мурдагы адиси, полковник, коомдук ишмер Шамшибек Медетбеков буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Өзүңүз билгендей, 6-7-апрелдеги окуялар маалында жөнөкөй элдин колуна ок атылчу курал жарак тарап кеткен фактылар катталды эле. Бул тууралуу Ичуи иштер министрлиги да расмий билдирүүсүн жасаган. Ушул курал жарактарды элден кантип жыйнап алсак болот, адис катары өз пикириңиз менен бөлүшсөңүз?

Шамшибек Медетбеков: Элдин колундагы куралды биринчи мыйзам түрүндө талап кылыш керек. Буга чейин ички иштер органдары “өз ыктыяры менен тапшыргандарга эч жаза колдонбойт” деп бир топ куралдарды алышты окшойт. Бул өзүнүн эффектисин берген жок. Эмне кылыш керек? Биринчиден, Убактылуу өкмөт өзүнүн декрети менен кылмыш кодексинде мыйзамсыз курал карамагандыгы үчүн деген атайын берене бар. Ошонун чарасын күчөтүш керек, мөөнөтүн узартыш керек. Андан башка эгерде куралды өз ыктыяры менен тапшырбай кармап отурган болсо керек болсо үй-мүлкүн конфискациялаганга чейин барыш керек.

- Кылмыш-жаза кодексинин атайын беренеси боюнча кандай жаза ченемдери чектелет?

Шамшибек Медетбеков: Мен аны караган жокмун, эгерде мыйзамсыз куралды үйүндө кармаса, катталбаса, сактаса 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат болуш керек. Муну күчөтүш керек, үй-мүлкүн конфискациялаганга чейин барыш керек. Болбосо азыркы күндө мамлекеттин, жарандардын коопсуздугу баарынан жогору туруш керек жана куралдарды алып жүргөңдөрдөн мамлекет акча каражатын бөлүп сатып алыш керек. Мындай практика дүйнө жүзүндө бөлөк мамлекеттерде колдонулган.

Экинчиден, көргөн, билген адамдар айтып келсе ошолорго да акчалай сыйлык чектеп бериш керек. Мисалы, “Акматтын үйүндө автомат бар” деп милицияга айтып келип, аны ал таап алса, ошол Ташматка акчалай сыйлык бериш керек.

Үчүнчүдөн, ошону бирөөлөр үйдө катып жатат, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери иштеп жүрөт, алардан да кимдин колунда жүргөнүн тапса, ошол кызматкерге да акчалай сыйлык чектеп бериш керек.

- Апрель окуялары болгондон бери эки айга чейин убакыт аяк басып калды. Ушул мезгил ичинде мыйзамсыз куралды калктан кайра жыйноодо Убактылуу өкмөттүн, Ички иштер министрлигинин аракеттерин кандай баалайсыз?

Шамшибек Медетбеков: Өз ыктыярыңар менен тапшыргыла, эч кандай чара колдонбойбуз деген кулактандыруулар болуп атты. Эгерде бөлөк мезгилде болсо бир жөн эле, биз азыр өткөөл мезгилди өтүп, кылмыштуулук көбөйүп аткандыктан курал саткан базарда да куралдардын баасы 2-3 эсеге чейин көтөрүлүп кетти деген сөз жүрүп атат. Ушул убакта ар ким, өзгөчө кылмыштуу элементтердин колуна курал түшүп калышы бул мамлекетибизди кооптондурат. Бул эффект берген жок, болгону 300дөй гана куралды алышты. Ал эми эксперттердин баасы боюнчаа колдо 5 миңден 10 миңге чейин куралдар жүрөт. Ошондуктан муну күчөтүш үчүн мен айткан чараларга мамлекетибиз барыш керек.

Сөзсүз чыгым болот. Мына, Нарын менен Таластан эле 700-800дөн куралды адамдар колуна алган болсо, ошонун көпчүлүгү кайра кайрылган жок. 2 миңге жакын курал элибиздин колунда десек, миң, же 2 миң доллардан болобу мамлекет сатып алат деп мамлекет бүгүндөн баштап кулактандыруу илиш керек. Ошондо биринчиден, курал тапшыргандардын саны көбөйөт. Экинчиден, ал криминалдык элементтердин колуна түшпөйт да, эртең биздин жарандарга каршы ал курал атылбайт.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG