Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Б. Байкожоев:Карышкырга кой кайтартканды токтотолу


"Ысык-Көл Инвест банктын" жетекчиси, парламенттин мурунку депутаты Болот Байкожоев "Азия Универсал Банк" аркылуу мыйзамсыз финансы операциялары жасалып, миллиондогон акчалар чыгып кетип жаткан көрүп турса да көрмөксөн болгон Улуттук Банктын жоопкерчилигин караш керек деп эсептейт.



- Эгерде ыңкылап болуп, бийлик алмашпаганда “Азия универсал банкынын” кийинки кадамдары кандай болот эле? Аталган банктын акцияларынын теңинен көбүнө ээлик кылган Михаил Наделдин Кыргызстанга беш эле банк жетишет деп айтканын эске алганда?

- Илгери эле Караш деген аферист болгон, «Ай-Би-Би банктын» башчысы, ал туура эмес иштерди жасаган, «Азия универсал банк» келип Караштын ордуна Наделди койгон. Надель менен Караштын айырмасы жок. Эл аралык аферисттер Кыргызстанга келип кандай чайкайбыз, кызыкчылыгын жасайбыз деген максатта келген. Ошонун баарын Улуттук Банк көрүп туруп, көзүн жумуп, аларга жол ачып берген. Ошонун баарын Бакиевдин баласы бүт банк системаны өз колума алам деп, ошол иштерди жасап аткан. Ошон үчүн бүгүнкү күндө Улуттук Банк түздөн түз күнөөлүү буга. Мурдагы башчылары Алапаев, Сарыбаев, Бөкөнтаевдерди соттош керек. Себеби аларга жолду ачып берген. Надель аферисттин аферисти. Ал ар бир мамлекеттин точкасында туруп алып эле акчаларды которо берчү. Кыргызстандын карызга алган акчасын, бюджеттин акчаларынын баарын тең иштетип, өздөрүнүн чөнтөгүнө салып алган.

- Мына убактылуу өкмөт “Азия универсал банкын” улутташтыруу тууралуу декретке кол койду. Эгер аталган банктын акцияларын көбүнө ээлик кылган М. Надель эл аралык сотторго кайрылса бул декреттин мыйзамдуулугу кандай чечилет?

- Бүгүнкү күндө Убактылуу өкмөт чечкиндүү болуш керек, бүт дүйнөгө көрсөтүш керек Наделдин жасаган иштеринин баарын. 2001-жылы америкалыктардын эки мунарасы талкаланбадыбы, ошондон баштап закон кабыл алынган да террористтик максатта акча айлантууга бөгөт коюу жөнүндө. Кыргызстанда ошол боюнча закон боюнча финансылык чалгындоо түзүлгөн, ал банктарда ар бир тыйын кайда кетип атканын көрүп турчу, анын баарын Улуттук Банкта Финансылык чалгындоо көрүп аткан. Ошонун баарын чыгарып туруп көрсөтүш керек. Мына жакында Улуттук Банк эмне деп жазып атат, 1-апрелден 8-апрелге чейин Улуттук Банк «Азия универсал банк» менен чогуу туура эмес операцияларды жүргүзгөн деп интернетте жүрөт.

- Кыргызстанда калктын беш пайызга жетпеген бөлүгү гана банк системасынын кардалары экен. Кардарларды тартуу үчүн кандай иштер жасалышы керек?

-Мен муну Акаевдин кезинде депутат болуп жүргөндө эле айтып келгем. Бүгүнкү күндө банк системасына туура иштерди жасаш керек. Ошон үчүн азыркы келген өкмөт бардык аракетти көрүп, банктарга ишенимди алып келиши керек. Максим менен байланышкан банктарды азыр аябай көзөмөл кылып, эл салган акчасын жоготпой, ар бири менен иштеп, сактап калыш керек. Мен эбактан бери айткам, Кыргызстанда аябай жакшы банк системасын түзүп койсо жакшы болмок эле. Ошол болбой атпайбы. Банкты жалаң эле бийликке келген адамдар чөнтөк банк кылып алып атпайт. Мен ойлойм, келечекте ушул маселе боюнча бийлик туура иштерди кылса, банк системасын Кыргызстанда таза кылса, элдин ишеними жакшы болуп, ошону менен өсүп кетет деп.

- Азыркы бийликтин тушунда банк системасына жакшы шарт түзүлөт, деген үмүтүңүз барбы?

- Бүгүнкү күндө бийликтегилер финансы системасын жакшы түшүнбөй атат. Ошондуктан көп убакытты өткөрүп жиберишти. Ошондуктан Надель акчалардын баарын, 2 млрд. баалуу кагаздарды алып кетип, жок деп атат. Профессионалдар текшерсе, анын барын бат эле тапса болот. Кээ бир учурда элге туура эмес маалымат берип коюп атышат, анткени өздөрү чогуу малынган иштер да. Улуттук Банктын башчылыгы ошого жабышкан да. Эми азыр ошолорго берип атат, карышкырларга койду кайтарткандай. Азыр анын барын алмаштырып, таза адамдарды алып келип, Надель ким экенин ачыкка чыгарыш керек.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG