Чек ара кызматынын төрагасынын түштүк аймагы боюнча орун басары Акылбек Нышанов «Азаттыкка» маалымдагандай, 7-июнда таңгаа маал Кара-Суу шаарынын тургуну, 29 жаштагы Улукбек Жороканов «Достук» чек ара бекетине жакын жердеги Сүрөө-Таш участогунда кетип баратканда өзбек чек арачылары атып, өздөрү тараптагы ооруканага алып кетишкен.
Улукбек – Кара-Суу шаарында жашаган Жорокандын жалгыз уулу. Былтыр үйлөнүп, бир кыздуу болгон. 7-июнда туулган күнүн белгилөөгө Өзбекстандын Анжиян облусундагы досторун да чакырмак экен. Ошол максатта тигилер менен жолугуу үчүн баратканда ок жегендигин апасы Рамазан Усманова төмөнкүчө баян этти:
- Атасы ооруп төшөктө жатат. /йдө жалгыз бала болгондуктан, уулум базарда соода кылып, баарыбызды бакчу. Эч кимге зыяны жок эле. Угушума караганда, чек арага жете электе эле атышыптыр. Азыр өлүк-тириги белгисиз. Өзбекстан уулумду кайтарбай жатат, - деп көзүн жаштады Рамазан Усманова.
Ал эми Улукбек Жорокановдун бажасы Баатыржан Жумабаев укук коргоо органдарына кайрылуусунан майнап чыкпай жаткандыгын ачыктады:
- Эки күндөн бери жүрөбүз. Милицияга Барсак, алар колубуздан келбейт, СНБга баргыла деди. Эми СНБга кетип атабыз.
Баатыржан Жумабаев менен кийинчерээк байланышканыбызда, Карау-Суу райондук улуттук коопсуздук комитети да маселени чечүүгө даабагандыгын кошумчалады.
7-июндагы кандуу окуянын күбөлөрүн кепке тартканыбызда, алардын бири Кадыр буларга токтолду:
- Улукбек аттуу бала же адырлык же кара-суулук, Кыргызстандын жараны болчу. Бул жактан Өзбекстанды карай бараткан, ошондо өзбек чек арачылары ага бакырды эле, жердешибиз артына кайтканда, эки жоокер аркасынан кууп келип, ошончо өзбекстандыкка тийбей, кыргыз жаранын аткылады. Эки ок тийген жок, үчүнчүсү Улукбек тартылган зымды ашкандан кийин сулатты.
Дагы бир күбө Умид аттуу жигит жердешинин кебин мындайча толуктады:
- Сүрөө-Ташта такси турган. Улукбек канжалап турса да, ошого жетип олтурганда тирүү эле. Эки чек арачы машинени жылдырбастан айнегин талкалап, атылган жигитти Өзбекстанды карай сүйрөп кетишти. Ошол тегеректегилердин бирөө да аларга каршы сүйлөй алган жок.
Умиддин белгилешинче, ошол маалда Улукбек кансырап медициналык жардамга муктаждыгы даана байкалган.
Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Сүйүн Өмүрзаков «Азаттыкка» маалымдаганын караганда, аймактын акими Шамшарбек Чойбеков жана укук коргоо органдарынын жетекчилери Өзбекстандын расмий бийлиги менен жолугушууга аракеттенди, тилекке каршы, коңшу өлкө өкүлдөрү сүйлөшүүдөн таптакыр баш тартты.
Кыргыз тарап элчилик байланыштарын ишке салууга аргасыз болуп турган маалы. Бул туурасында Чек ара кызматынын маалымат бөлүмүнүн өкүлү Сажира Чоколоева мындай дейт:
- Учурда мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин райондук бөлүмү жана Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалыматка караганда кармалган жигит реанимация бөлүмүндө жатып, акыры жарасынан каза тапкан. Чек ара кызматынын жетекчилиги тарабынан дипломатиялык жана өкмөттүк каналдар боюнча өзбек тараптан маалымат талап кылды. Бирок азырынча өзбек тараптан жооп келелек.
Жергиликтүү серепчилер кыргыз жана өзбек бийлиги президенттердин деңгээлинде сүйлөшпөсө, чек ара жаатындагы кырдаал дагы курчуй тургандыгын белгилешүүдө.