Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Чек арадагы талаш жерлер такталууда


Кыргыз-өзбек чек арасындагы тосмо.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы тосмо.

2-ноябрда Өбекстандын Фергана шаарында мамлекеттик чек араларды аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын кезектеги сүйлөшүүлөрү болду. Ага катышкан кыргыз өкмөттүк комиссиясынын мүчөсү Жаныш Курбановдун ырасташынча 13 талаштуу жерди тактоо боюнча алдыга жылыштар бар.

- Жаныш Курбанович, кыргыз-өзбек өкмөттүк комиссиялары бул ирет кайсы маселелерди талкуулап, кандай чечим кабыл алды?

- Ферганада өткөн себеби Ош менен Баткенге жакын айрым жерлерди барып көрүп, талаш жерлерди чечүү максатында болду. Ош менен Баткен облустарынын губернаторлорунун орун басарлары жана комиссиянын мүчөлөрү жеринде көрүшүп, айрым маселелер боюнча жакшы чечимге келишти деп ойлойм. Жалал-Абат облусу боюнча талаш жерибиз бар. Кечээ күнкү отурумда биз 27-протокол боюнча 13 участкадан жерди карап чыктык. Мурдагы мезгилдерге салыштырмалуу бул жерлерди үстүртөн карап, айрым жерлерди четке кагып турган элек. Кечээ күнү ар бир точка боюнча чекиттерди коюп, Кара-Коргон, Кара-Белес, Абадан, Лесхоз, Бажы пост, Узак, Торук, Бай-Кыштак, Питомник, Кескен-Жер, Өрүкзар, Янгабад, МТФ, ушул 13 жер боюнча ар бир точкасын гектарына чейин эсептеп чыктык. Биздин эсептөөбүз боюнча 226 гектардын ары-бери жагы чыгып атат. Ушул жер боюнча макулдашылды, чекиттерди койдук, гектарын эсептеп чыктык. Бирок маселе аягына чейин чыккан жок.

- Макулдашуу кандай себептен улам аягына чыкпай калды?

- Себеби биздин корук Бай-кыштак, Кош-Дөбө деген участкабыз бар. Ошол жерде Кыргызстандын картасына Бай-кыштак, Кош-Дөбө деп жазылып, ал эми Өзбекстандыкына Ринит деп жазылып калыптыр. Ушул талашка негизинен шылтоо болду. Ушул шылтоонун негизинде бул маселе четке кагылды. Бирок биз протоколго жазып, ушул 13 участканы чечүү боюнча сунуш кылдык. Акырында алар дагы макул болушту. Эмки отурумда ушул маселе чечилип калабы деген ой болуп жатат. Айрым точкаларды чечкенге мүмкүнчүлүк бар. Эмки отурум Ошто болгону жатат, ошол жерде мүмкүн ушул маселе чечилет деген ой болуп атат.

- Өкмөттөр аралык чек араларды тактоо кандай тоскоолдуктарга учурап жатат? Сүйлөшүүлөрдө кайсы жылдардагы карталар колдонулууда?

- Эң эле жөнөкөй мисал, Бай-Кыштак, Кош-Дөбө деп коебуз. Экиден төрткө чейинки аралык 55-жылкы карта боюнча Өзбекстандыкы, бирок кыргызстандыктар пайдаланып жатат. Айрым точкалар Кыргызстандын жери, бирок Өзбекстан пайдаланып атат: Кара-Белес, Абадан, Бажы пост деп коебуз ошол жерлерди. Ошол жерлерди эртенки күнү биз чечип алышыбыз керек. Питомник деген жерди экиден бешке чейинки точка, картада турат, мунун 10 гектардайы Кыргызстандыкы, 30 гектардайы Өзбекстандыкы. Биз ушуну балансташтырганда теңи эле бир жерден аласа-бересе болуп туруп атат. Бирок ошол жерде өзбекстандыктар жашайт, Кыргызстандын жеринде кыргызстандыктар жашайт, бирок Өзбекстандын картасына кирип калган. Ушул маселени кечээ отуруп алып чечтик, далилдедик, тактадык.

- Жообуңузга чон рахмат!

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG