Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:14

Кочкор-Атада карылар үйүн шаар бийлиги талашууда


Кочкор-Атада кары-картаңдар баш паанек кылган пансионду шаар бийлиги тартып алган жатат. Пансиондон чыгарылса кайда бараарын билбеген карылар май айында нааразылык акция өткөрүүнү чечишти. Алар үй-жайсыз, багар-көрөөрү жок, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар. Өп-чап пенсиялары жашоого жетпейт. Шаар башчы Кочкор-Атада тартыш болгон балдар бакчасына пансион ылайыктуу экендигин билдирди.

Эки кабат үйдү «Кыргызнефтегаз» акционердик коому багар-көрөөрү жок мурдагы жумушчулары үчүн ыйгарган. Имаратты пансионго берүү жагын Кочкор-Ата шаар кеңеши да кезегинде жактырган. Ушу тапта анда баш калкасы жок, оорулуу төрт киши жашайт. Күнүгө 38 пенсионер пансионго келип бир маал тамак ичип турат. Аларга жумшалчу каражатты пансиондун деректири имараттын бош жайларын ижарага алган түрдүү уюмдардын эсебинен табат.

Бирок Жусупжан Ажибаевдин ырасташынча соңку күндөрү буга дейре кабар албай, каржылык жардам бербеген шаар бийлиги бат-бат каттачу болду. Пансионго айлангыча кейпи кетип, ээн калган имарат оңдолгондон кийин талашка түштү. Ошондуктан кароосуз адамдар өз укугун коргоо үчүн эмки айдан тарта нааразылык акциясын баштоого аргасыз болушууда. Ажибаевдин айтымында шаар бийлиги кырдаалды курчутуп, иштеп жаткан балдар бакчасын атайылап жаптыртып койгон:

- Талашыбыз 3 жылдан бери уланып келатат. Быйылкы жылы Кочкор-Ата шаар өкмөтүнүн башчысы өтө катуу талаштарды баштады.булардын талабы бул жерге балдар бакчасын коебуз дейт. Балдар бакчасынын курула турган долбоор да каралган. Биздин имаратыбызды тартып алганга катуу аракеттерди көрүп атат. Кийин карыяларыбыз кандай күн көрөт. Нааразылыктарды туудуруп атканы биз үчүн өтө табышмактуу болду. Президентибиздин туура эмес иштерди кылып, саясатына нааразы кылабыз деген аракеттер деп баалап жатабыз. Талаптарыбыз орундалгыча 1-майдан баштап 30-майга чейин ар күнү саат ондон он экиге чейин нааразылык акциясын өткөрүп, өзүбүздүн укугубузду коргоп алабыз деп аракеттерди көрүп жатабыз.

Пансион жабылса, мындагы үй-жайсыз жана мүмкүнчүлүгү чектелген карылардын кайда бараары белгисиз. Аталган жатак үйдүн жашоочусу Зухра Абедкова бийликтегилердин карылар үчүн камкордук көргөнүн сезген эмес:

- Бул жерде батирсиз калган жалгыз бой, оорулуу, майып пенсионерлер турушат. Биз эч кимдин бизди козгобоосун каалабыз, - дейт кары аял.

Үй-бүлөсү жок Ташболот Мамыров пансиондо ал ачылгандан бери жашайт. Пенсия акысы келерки айдан эсептеле баштаарын билдирген карыя башка бирөөлөрдүн жетелеп жүрүүсүнө муктаж. Анын пикири боюнча 750 сом менен жашоого мүмкүн болбогон чакта багар-көрөөрүнөн айрылгандарды ушул пансион багып жатат. Жатак үйдөгүлөр жардам болобу деген ниетте президентке да кат жиберишкен:

- Көзүм көрбөгөнүнө 4 жыл болду. Өзүм азыр жалгызмын, оокат кылып иче албайм. Мурдагы директорубуз ушул жерге алып келип койгон. Азыр үй-жайым жок. Мага окшогон сокурлар, буту баспагандар бар, аларды кайда алып барып жайгаштырат.

Шаарда балдар бакчасы тартыш болгондуктан жатак үйдү ага караштыруудан башка арга жок. Калаа башчы Мисир Бердикулов пансион деректиринин пикирин четке какты. Бердикуловдун белгилешинче карылар менен чүрпөлөргө да бирдей шарттар түзүлөт. Жатак үйдү тартып алып, кырдаалды күчөтөйүн, пенсионерлерди көчөдө калтырайын деген эч ким эч ким жок:

- Өтө көп кайрылуулар болуп атат балдар көп, бала бакча жок. Бир кабатын бала бакча кылып туруп, экинчи кабатын карылар үйү кылып коелу деген ойлор бар эле. Пансионду талашкан жерибиз жок. Балдар менен бирдикте бизге карыялар да керек, керектүү адамдарды Сузак менен сүйлөшүп, ал жакка жеткиришибиз керек.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG