Ассалому алейкуум, Ак калпактуу элим, Ала-тоолуу жерим!
Кечээ жакында мекенибизде болуп өткөн окуялар бүтүн дүйнө элинин көңүлүн өзүнө бурду. Бул жолку апрель окуясы башталуу алдында кээ бир журналисттер алда качан калемдерин сыялап даярдап койсо, ал эми кээ бирлери уктап калып, аштан кеч калган баладай, алгач Талас жергесинде окуя башталган күндөн тарта, окуядан кабардар болору менен түшүнүп-түшүнбөй деле, дароо интернет барактарына жазып, радио билдирүүлөрдөн кабарлап жатышты.
Биз Кытайда окуп жаткан кыргыз жаштары жаңылыктан артта калбай окуялардын бардык жүрүшүн баштан аяк интернет түйүндөрүнөн окуп, телефон аркылуу окуянын күбөлөрү менен байланышып кабардар болуп жаттык.
Мекен деген ыйык нерсе тура. Ала-тоодон алыста экенибизге карабай ар дайым жүрөгүбүз “кыргыз, кыргыз жери” деп согуп турат. Бул сөздөр тилдин көркөмдүгүнөн эмес, жүрөктүн түпкүрүнөн чыккан сөз экени ырас.
Мен бул окуяны өтө чоң өрткө салыштыраар элем. Алгач өрттүн биринчи ширеңкеси Таласта жагылганда, ошондогу өкмөт жетекчиси Данияр Үсөнов мындай деген: «Таласта бүгүн эч кандай өрт болгон жок! Бул өрт эмес! Мындай өрткө өрт өчүрүрүүчүлөрдү жиберүүнүн кажети жок».
Бирок Данияр мырза өрттүн күчөп баратканын билип, башкы өрт өчүрүүчү катары Конгантиев менен Жапаровду Таласка жиберсе, байкуш өрттү өчүрөм деп, өзү өрткө күйгөн Конгантиевдин абалы өтө эле оор болду.
Өрт чыккан эртеси шамалдын багыты Нарын, Чүй, Жалал-Абад деги эле Кыргызстандын бардык булуң-бурчуна тез эле жеткизип, жер-жерлерде өтө күчөп баштады. Өрттүн аягы кайда келмек? Албетте, Ак үйгө келмек. Атаңдын гөрү, өрт деген өрт экен, өз креслосун бергиси келбеген акылы тайкы аткаминер бандарыбыз Ак үйдү коруйт деп, койгон өрт өчүргүчтөрүнөн өрт коркуп да койгон жок.
Тескерисинче, ал Ак үйдү карай багыт алганда, тигил тараптан өрт өчүргүчтү суулары өрттү карай жаап баштады. Ойлогонго башчы Бакиев өрттү суудан коркот деп, жок, тилекке каршы, андай болбоду. Алардын суу деп чачканы өрт үчүн бензин же солярка деги эле күйүүчү май болуп, өрттү ого бетер күчөттү.
Аягы эмне болду? Бир убакта "Акай качып кетти" деп, мен баатыр болдум го деген Бакайы да өзү качып кутулду.
Айтайын дегеним азыркы келген бийлик жана мындан кийин келе турган бийлик ар дайым эсиңде болсо, кыргызда болуп өткөн окуяны өрткө теңеп мүмкүн туура эмес кылып жаткандырмын, бирок жүрөктүн айтайын деген туура сөзү бийлик кыргыздын ким экенин, кандай эл экенин унутпаса.
Жаңы бийликке көз карашым.
2005-жылы Бакиев бийликке келгенде, Бакиевди Манастан кийинки баатырдай эле көргөнбүз. Ошол учурда Кыргызстандагы саясий партиялардын чоң семинарында ушундай эле суроого мен мындай деп жооп бердим эле. Азыркы жаңы бийликтин өкмөт мүчөлөрүн көрүп мен өтө кооптоном. Эгер байгеге түшчү аттын токулгасы жакшы бекем токулбаса, ат үстүндөгү чабандесин да кулап түшөт. Ал кезде ээсиз калган атты минип алган Бакиев бизге, чабандес, баатыр жана башка болуп көрүнгөн экен, көрсө ал жигит эшек эле минчү адам экен. Тагдыр ага аягында эшек да буйрубай жаман чокою менен дербиш кылды.
Мен бир кездеги салыштыруумду бүгүнкү убактылуу өкмөткө мындайча салыштыраар элем. Ээсиз калган атты жакшы кармадыңар, менин баамда атты да жакшы эле токуп баратасыңар, болгону токулу атты "мен минемин" деп, байкуш арык атты бир жолу жок кылып албагыла. Ал дегеним келе турган президенттик шайлоодо ынтымак менен башчы шайлап алсак, анан мамлекеттин башкаруу жолун аныктап, бир жол менен өнүгүүгө карасак экен.
Кантсе да жөжөнү күздө санайлы. "Баланын туулганына эмес, турарына сүйүн" дейт кыргыз эли. Андыктан жаңы төрөлгөн бийликке узун өмүр, акыл-эс тилейли. Ылайым элдин ишеничин актасын, арбагы сексен киши колдоп, жаңы бийлик сага жол болсун.
Эдилбек Эргешов