Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Олжобай ШАКИР: Пикир айткым келет


Ош, Жалал-Абадда болуп өткөн кайгылуу окуялардан улам – мындай жаңжалды жалпы элибиз алдын алуу үчүн «Азаттык» аркылуу мекендештерибизге пикир айткым келет…

Келечегибизде кыргыз-өзбек жаңжалы кайталанбашы үчүн түштүктөгү өзбек туугандарыбызды боорубузга жакын тартып, аларды түштүккө эле эмес, республикабыздын башка аймактарына да жайгаштырууну ойлонсок кантет? Мисалы, өзүм туулуп өскөн Атбашыда жашаган өзбек, уйгур, татар улутундагылар кыргыздар менен эриш-аркак жашап келаткандыгы белгилүү. Албетте, ал жактагы өзбек, уйгур, татар туугандарыбыз илгертен отурукташып калгандыктан – баары бир элдей камыр-жумур ынтымакка көнүп калышкандыктан кимиси кыргыз, кимиси өзбек же уйгур экенине деле маани беришпейт. Бир жагынан карасаң, Ош, Жалал-Абаддагы өзбек туугандарыбыз деле тээ илгертен Алатоо койнунда отурукташып калганы дайын. Бирок анткен менен 90-жылдан тарта эки улут ортосундагы от кайтадан минтип тутанышы – келечекте кайталанбай койбойт. Себеби, жакынынан ажырап, бири-бирине тиш кайрашып калгандар 20 жылдан кийин бул окуяны дагы ырбатышы мүмкүн. Канткен менен эл деген эл, арасынан чагымчысы чыгат. О.э., коңшу өлкөлөрдүн да геосаясый кызыкчылыгы турат. А биз Кыргызстанда жашаган ар улуттун өкүлдөрүн боорубузга бекем тартыш үчүн Алатоо койнун баардыгына кенен ачсак кантет? Биз ошондо гана сөздүн толук маанисинде көп улуттуу тынч мекенибизди коргой алабыз!

Олжобай ШАКИР
XS
SM
MD
LG