Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

Бишкекте гезит күркөлөрүн "жаңы кожоюндары" талашууда


Бишкекте 10-кичи районундагы аялдамада жайгашкан күркөнү "жаңы кожоюндар" жүктөп алып кетүүдө.
Бишкекте 10-кичи районундагы аялдамада жайгашкан күркөнү "жаңы кожоюндар" жүктөп алып кетүүдө.

Бишкекте гезит саткан жүздөн ашык күркөлөрдү талашкан күчтөрдүн ортосунда чыр- чатак ырбады. Бүгүн “Басма жаңылыктары” коомдук бирикмесине караштуу күркөлөрдү көчүрүп кетүүгө келген адамдар менен күркө ээлеринин ортосунда кагылышуу болуп, милиция кызматкерлери кийлигишип, чатакты токтотту. Аталган коомдук бирикменин өкүлдөрү алардын менчигиндеги күркөлөрдү "жаңы кожоюндар" күчкө салып тартып алууга аракет кылып жатат деп арызданышууда.

Бишкектин 10- кичи районундагы аялдамада жайгашкан гезит күркөнү талашкан күчтөр менен аны бербей коргогон адамдар ортосунда кармаш-кагылыш чыгып кетти. Бир топ жигиттер келип, күркөнү кран менен автоунаага жүктөп алып кете баштады. Күркөнүн ээси эсептелген аялдын бир туугандары келип, чырылдашып күркөнү алып калууга аракет кылышты.

Эки ортодо чыр ырбап, эки тарап тирешип, келген жигиттер күркөсүн талашкан аялга кол көтөрүп жиберишти. Жетип келген милиция күчтөрү кийлигишип, бир адамды кармап кетти. Күркөнүн ээсимин деген аял жүрөгү ооруп, эс-учун жоготуп, тез жардам чакырылып, медициналык жардам көрсөтүлдү.

Окуя болгон жерде жүргөн “Басма жаңылыктары” бирикмесинин жетекчиси Жоробек Осмоновдун айтымында, алардын гезит саткан жүздөн ашык күркөлөрүнүн "жаңы кожоюндары" чыгып, күчкө салып, тартып алуу аракетин көрүүдө:

- Бир кишилер келип алып, орусча айтканда "новоявленные хозяева" болушуп, бирөөнүн менчигин тартып алууга аракет кылышууда. Мурда гезит киоскилери ошого карачу, кийин сатылып-сатылып, менчикке чыгып кеткен. Биздин коомдун мүчөлөрү бул жерде жыйырма жылдан иштешип, анан үйлөрүн күрөөгө коюп сатып алышкан.

Жоробек Осмоновдун берген маалыматына караганда, күркө талаш чатагы беш айдан бери уланып келатат. “Басма сөз” ишканасынан 120 күркөнү аны иштеткен адамдар келишим түзүп, мурдагы кожоюндан убагында сатып алышкан экен. Үстүбүздөгү жылы “Басма сөз” ишканасы жаңы кожоюндун колуна өткөн. Эми ошол жаңы кожоюну сатылып кеткен күркөлөрдү талашып, кайтарып алуунун аракетин көрүп жатат. “Басма жаңылыктары” ишканасы бүгүнкү күнгө чейин төрт күркөсүн алдырып жиберди.

Окуя болгон жерде жүргөн дагы бир аял сөзгө кошулуп, эки күркөсүн алдырып жибергенин айтып отурду:

-Менин кызым да ушул жерден алты жыл мурда эки күркөнү сатып алган эки миң доллардан төлөп. Ошонусун тартып алып, алты ай иштетпей коюп, жакында араң бирөөн чыгарып алганбыз. Эми аны дагы кайра алып койгон жатышат.

Гезит саткан күркөлөрдү талашкан эки тарап бир топ убакыттан бери соттошуп чечише албай келатышат. Бул ишти Бишкекте район аралык сот карап, 7-майда чыр маселе чечилмейинче, талашта турган гезит күркөлөрүнө эч ким тийишпесин деген чечим чыгарган. Бирок андан көп өтпөй эле аталган сот бул чечимин жокко чыгарган башка чечим кабыл алган. “Басма сөз” ишканасынын өкүлдөрү бул чатак иштин чоо жайын “Азаттыкка” түшүндүрүп берүүдөн баш тартышты. Аталган ишкананын вице-президенти Нурлан Рахматилла уулу өз кезегинде бүгүнкү чатакка алардын такыр тиешеси жок экенин гана айтуу менен чектелди.

Бишкекте жана бүт республикада совет бийлигинин тушунда гезит-журнал сатуунун бирдиктүү тармагы мамлекеттик “Кыргыз басма сөз” ишканасынын колунда болгон. Эгемендик жылдары аталган ишкана жеке менчик колго өтүп, рыноктон өз жолун издеп жашап калган. Айрым маалыматтар боюнча бул ишкананын Бишкекте эле эки жүздөн ашык күркөсү бар эле. Кийин бул ишкана 120дай күркөнү аны иштетип жүргөн адамдарга сатып жиберген. Күркөнү сатып алган адамдар өз кезегинде биригип, “Басма жаңылыктары” деген бирикме түзүшкөн. Азыркы чыр-чатак гезит күркөлөрүнүн мурдагы менчик ээси “Басма сөз” ишканасы менен күркөлөрдү сатып алдык деп жаткан адамдардын ортосунда чыгып жатат. Талашта турган күркөлөр иш жүзүндө кимдин менчиги экенин эми сот органдары тактап, башын ажыратып берүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG