Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:20

Жаңырган жуманын маданий окуялары


Улуттук китепканада өтүп жаткан “Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов” аттуу көргөзмө бул жумада да уланат.
Улуттук китепканада өтүп жаткан “Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов” аттуу көргөзмө бул жумада да уланат.

Улуттук филармонияда бул аптада “Айтматов жана музыка” аттуу концерт өтөт.

Ага филармониянын баардык чыгармачыл жамаатары катышат. Алсак Карамолдо Орозов атындагы оркестр, “Камбаркан” фольклордук этнографиялык ансамбли, Президенттик “Манас" камералык оркестри, “Ак марал” бий тобу катышат.

23-24-июнда Мирослав Митровичтин чыгармасына коюлган “Түндөгү уурулук” спектакли коюлат. Мындан тышкары орус драма театрынын артистери Лопе Де Веганын “Айлакер сүйүшкөндөр”, Карл Галдонинин “Мейманканын кожоюну” аттуу комедияларын көрсөтүшөт. Ошондой эле Мырзабек Тойбаевдин чыгармасына коюлган “Жоронун жоруктары” спектакли тартууланат. Орус драма театрынын жетекчисинин орун басары Елена Смирнованын айтуусунда, бул чыгарма өтө жакшы, жаштарга арналган музыкалык комедия. Анда үй-бүлөдөгү болгон көйгөйлүү маселелер чагылдырылган. Башкача айтканда шаарда өскөн бала жайлоого барып, ал жактан кыргыз элинин салт-санаасы, үрп-адаты менен таанышат.

Улуттук опера жана балет театрында бул жумада Джузепе Вердинин “Аида” операсы, Петр Чайковскийдин “Ак куулар көлү” балети коюлат. “Аида” операсы дүйнөлүк чыгарма, эч бир угуучуну кайдыгер калтырбайт деген пикирин эл артисти Эсен Нурмамбетова билдирди.

Улуттук китепканада өтүп жаткан “Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов” аттуу көргөзмө бул жумада да уланат. Көргөзмөдө Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары, анын өмүр жолун чагылдырган материалдар, алган сыйлыктары, дүйнөнүн белгилүү коомдук ишмерлеринин жана көркөм өнөр адамдарынын жазуучу туурасындагы ой-пикирлери чагылдырылган. Көргөзмө ушул айдын соңуна чейин созулат.

Борбордогу "Манас" кинотеатрында режиссер Назым Меңдибаиров тарткан “Достор” аттуу көркөм тасма көрсөтүлүүдө. Жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен тартылган бул фильмде ата-энеси жок, балдар үйүндө өскөн төрт достун турмушу баяндалат.
XS
SM
MD
LG