Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

Талант тагдыры: Булбул таңшык ырчы эле


“Талант тагдыры” аттуу түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы кыргыз эле эмес, КМШ өлкөлөрүнүн угуучуларын ырдаган ырлары, темир ооз комузда каккан күүлөрү менен таңданткан белгилүү шайыр Жумагүл Исакованын туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналат.

«Күлүк күнүндө тулпар тушунда» дегендей ХХ кылымда баардык массалык маалымат каражаттарынын ичинен радио ар бир үйдө гана эмес, ар бир айылдын, ар бир райондун, ар бир областтын борборлорунун көчөлөрүндө күндүр-түндүр таңшып, ар бир карапайым угуучунун жан шеригине айланып турган кез эле.

1960-жыл. Декабрь айынын 15и. Кыргыз радио комитетинин музыкалык редакциясында редактор болуп иштеп жүргөндө күнүнө редакцияга ар кыл кесиптеги, ар кандай курактагы угуучулардан ар кандай маңыздагы ондогон каттар келүүчү. Алардын биринде тигил же бул шайырдын ырдоосундагы ырды, чертүүсүндөгү күүнү радиодон берип коюуну өтүнгөн каттар болсо, экинчи дагы бирөөлөрү сүйгөн ырчысынын, комузчусунун, композиторунун өмүрү менен чыгармачылыгы жөнүндө музыкалык берүүнү суранган ж.б. маңыздагы каттар эле.

Айрыкча, ошол кездеги эң бир белгилүү болуп, жумурай журттун алкоолоруна алынып турган таанымал ырчы, көрүнүктүү темир ооз комузчу Жумагүл Исакованын аткаруусундагы секептпай, күйгөн ырларын радиодон көбүрөөк берип турууну суранган каттар байма-бай келээр эле. Анда эмесе 40 жаштагы Айшакан аттуу угуучунун катына кайрыла кетейин.

“Кымбаттуу кыргыз радиосунун музыкалык редакциясынын кызматкерлери. Мен сиздердин радиодон берген концерттериңерди, музыкалык берүүлөрүңүздү такай угам. Мага берүүлөрүңөр абдан жагат. Кийинки кездеги кыргыз ырчыларынын ичинен мага ырчы Жумагүл Исакованын ырдаган ырлары, үнүнүн мукамдуулугу, тунуктугу, аткаруучулук чеберчилиги, комуздун коштоосундагы ырдоосу, тигил же бул ырдын сөздөрүн так, даана, ачык айтып ырдашы мага аябай жагат. Исакованын ырдаган ырларынын ичинен бозойдун сүйгөн селкисинин баскан-турганын, кебете-кешпирин сыпатап ырдаган “Жүрөгүм” аттуу ашыктык ыры өзгөчө жагат. Менин сиздерден суранарым Жумагүл эженин “Жүрөгүм” аттуу ыры баш болгон ырлдарын көбүрөөк берип турсаңар”, - деген шекилдүү каттардан соң, узак жылдардан бери ар кандай муундагы угуучулардын урматтоолоруна ээ болуп келе жаткан Жумагүл эженин ырдоосундагы “Жүрөгүм” аттуу махабат ырына назар салыңыздар.

“Жүрөгүм”
Сөзү, обону элдики

Асмандаган ай каркыра жүрөгүм,
Ак тотудай нечен түрдөнүп,
Көңүлүмдү көп кубантат каратып.
Шамдагай басып жүргөнүң .

Сен бир булбул шакка конуп сайраган
Жайдар мүнөз ай чолпондой жайнаган
Кадырлашым карааныңды көрбөсөм
Капа болуп кан жүрөктө кайнаган.

Жаш кезекте жарым секет ойнопмун
Жашчылыктын жарашыктуу ойноп күл
Капыстан сүйүп ант беришип курбуңдун
Айттырбастан жүрөктөгү сырын бил.

Белгилүү ырчы-аткаруучу Жумагүл Исакова 1937-жылы Кыргыз Улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармонияга кабыл алынат. Ал Муратаалы, Карамолдо баштаган Атай, Муса, Мыскал, Жумамүдүн, Адамкалый, Саякбай ж.б. залкар шайырлар менен бирге иштешет, билбегендерин билет. Өнөрүн өркүндөтөт. Ал ырчылардын ичинен Мыскал Өмүркановадан ырдоонун түпкүрдөгү кереметтүү ырларынан сабак алат. Алдына Мыскал эжедей ырдасам, өнөрүн уласам деген максатты коет.

Узак жылдар Жумагүл эже менен филармонияда бирге иштешкен таанымал шайыр Сүйдүм Төлөкова Исакованын ырчылыгы, темир ооз комузчулугу жөнүндө буларды эскерет:

- Жумагүл Исакова менен көп жыл филармонияда бирге иштешип жүрдүм. Ал кезде концерт бергени алыскы жайлоолорду жайгашкан, кышында кыштоолордо кышташкан малчыларга көп баруучубуз. Эженин жүргөн турганы өзүнүн өңү, кебете-кешпири жагынан баардыгы шай келген айым эле. Ырдаганда шаңкылдаган тунук үнү менен угуучуларды өзүнө шак тартып алуучу. Малчылар болсо эжени кетирбей таң аткыча ырдатышчу. Эже ырдан башка да темир ооз комузду да өзүнчө бир кайталангыс чеберчиликте кагуучу. Эженин темир комузчулардын ансамблине катышканын көргөнүм жок. Бирок, өзүнчө жеке ойноп жүргөндө “Пахтам”, “Тагылдыр-Тоо”, “Көрача торгой”, “Керме-Тоо” деген күүлөрдү сонун какчу эле. Бир сөз менен айтканда эже ырдаган жагынан да, темир ооз комузду кагуу жагынан да айрым шайырларга жеткирчү эмес.


“Жүрөк сыры”

Сөзү, обону элдики.

Кан толкуп а жүрөк зырп этет
Элестейт а түштө карааның
Ачкычы да болдуң сүйгөнүм,
Кайгыртып а терең санаанын.

Тагдырымды а кетирип
Жүрөктүн а дартын козгодуң
Адамдан артык көрүнүп
Канымдан а бүткөн окшойсуң

Ойнок бир бала чагымды
Ойлосом а көөнүм сагынды
Сүйгөнчө эле зарп калсам дейм
Жүрөктөгү эле ысык канымды.

Жүрөгүм ысып жалындайт
Жүргөмүн а кантип сагынбай
Жүргөн экен сүйгөнүм
Жүрөктөгү ой табылбай

Сөзүң бир менен маңдайың
Көңүл эле туратар дайым.
Сагындым а сени абыдан
Санаамдан ай чыгып калбадың.

Жумагүл эже мына ушундай жаштыктын жалындаган махабат ырларын ырдоо менен бирге кыргыздын байыркы какма тилдүү комузду да кубулта каккан чебер аткаруучу да болгон. Ал темир ооз комузду кагууну, күүлөрдү ойноону залкар шайыр Адамкалый Байбатыровдон үйрөнөт. Адамкалый уюштурган тунгуч темир ооз комузчулардын ансамблине да катышат. Исакова устаты Байбатыровдун “Тагылдыр тоосу” баштаган “Пахтам”, “Карача торгой”, “Бурулчанын селкинчек”, “Керме-Тоо” аттуу ж.б. күүлөрдү көмөкөйү менен не бир кубулжута кагып, угуучуларды таң калтыруучу.

Таанымал шайыр Исакова 1966-жылдан ардактуу эс алууга чыкканга чейин Кыргыз мамлекеттик академиялык (азыркы Т.Абдумомунов атындагы улуттук драма театрында) иштейт. Акын-жазуучулар, драматургдар К.Маликовдун, А.Токомбаевдин, М.Тойбаевдин ж.б. пьесаларындагы ар кандай мүнөздөрдөгү кейипкерлердин ондогон ролдорун аткарып, көрүүчүлөргө да ырахат тартуулайт. Бир эле мезгилде оозунан ырын, колунан темир ооз комузун түшүрбөйт.

Тилекке каршы жогоруда угуучуларга маалымдалгандай көп кырдуу шыктагы, бүтүндөй өмүрүн башкача айтканда 60 жылын сахнага арнаган ырчы, темир ооз комузчу, актриса Жүмагүл Исакованын таман акы, маңдай тери жетекчилер тарабынан өз учурунда “колдо бар алтындын баркы жок” болуп бааланбай калганы кимдин да болсун ичин туз куйгандай ачыштырбай койбойт.
XS
SM
MD
LG