Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:24

“Үмүт” кинофестивалына фильмдерди тандоо башталды


22-23-апрелде Кыргыз кино үйүндө жаш кинорежиссерлордун “Үмүт” кинофестивалы өтөт. Кинофестивалга азыр алтымыштан ашык эмгек келип түштү. 2-апрелде Кыргыз кино үйүндө фильмдерди тандоо башталды.

“Үмүт” кинофестивалына келип түшкөн 60 тан ашуун кинотасманын арасында Садык-Шер-Нияздын кыска метраждуу “Аян” кинотасмасы да бар. Тасмадагы окуяга токтолчу болсок, эстрада ырчысы болом деп жүргөн жигитке кандайдыр аянкүчтөр сезилип, “Манас” айт дей башташат...

Кыска метраждуу бул тасма 9 мүнөткө созулат. “Аянда” башкы ролду белгилүү эстрада ырчысы жана актер Сездбек Искеналиев ойноду. Сездбек тасмага тартылуудагы таасирлери жөнүндө алгач “Азаттыкка” төмөнкүчө кеп салып берди:

- Эч качан “Манас” айтып көргөн эмес элем. Фильмге тартылууда албетте “Манас” айтууга туура келди.

- Сездбек, сен манасчынын ролун аткарып жатканыңда Манас атанын, ыйык күчтөрдүн касиетин сезе алдыңбы?

- Ооба, Таш-Рабатта Манаска жолукканы баратканымда кандайдыр бир күчтөр жанымда жүргөндөй сездим... кандайдыр денемде кумурска жылып бараткандай болду...

Белгилүү кинорежиссер Эрнст Абдыжапаров жаш кинорежиссерлордун “Үмүт” кинофестивалына келип түшкөн эмгектердин көбүн көрүп чыккандан кийинки ой-пикирлери тууралу “Азаттыкка” төмөнкүчө ой бөлүштү:

- Чынында көп сандагы жана жогорку сапаттагы чыгармалар келип түштү десем болот. Мен көпчүлүгү менен таанышып чыктым. Алардын арасында атактуулары да бар, жаңы дебют болуп чыгып жаткандары да бар.

- Көбүрөөк кандай тема басымдуу?

- Жаштардын эмгектери болгондонбу, “сүйүү” темасы басымдуу. Экинчиден Кыргызстандын бүгүнкү күндөгү социалдык проблемалары көтөрүлөт.

Аталган фестивалга келип түшкөн эмгектерди Кыргызстандын белгилүү кинорежиссерлорунан турган тандоо комиссиясы карайт. Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы кино департаментинин директору Абибилла Пазыловдун “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча фестивалдык сынакка келип түшкөн эмгектердин көбү кыска метраждуу фильмдер.

Себеби аларга чыгым да аз кетет, кинокамераны да анча тандабайт. Ошондой эле жаш киночулардын эмгектеринин арасында кийинки учурда сейрек болуп бараткан даректүү тасмалар да бар. 40 жашка чейинки айрым кинорежиссерлор тасмага алган толук метраждуу фильмдер.

Aл эми жеңүүчүлөргө ыйгарылчу сыйлыктар тууралу Абибилла Пазылов буларды айтты:

- Албетте жаш кинорежиссерлордун толук метраждуу фильмдерди тартууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Биз гран-приге чыккан кыска метраждуу фильмди кеңейтип толук метраждуу фильм кылып тартууга бүт каражатын көтөрөлү деп жатабыз. Бул биздин эң башкы сыйлыгыбыз. Андан башка кызыктыруучу сыйлыктарыбыз да көп.
XS
SM
MD
LG