Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Талант тагдыры: Белгилүү комузчу Төлөн Касаболотов


Төлөн Касаболотов белгилүү комузчу-аткаруучу, күүчү, улуу комузчу, эл артисти, маркум Ыбырай Тумановдун жердеши жана шакирти.

Көк иримдүү Ысык-Көлдүн көкүрөгүндөгү кичинекей Зындан айылын аксуулуктар залкар таланттардын бешиги дешип сыймыктанышат. Ооба, Зындан айылынын жериненби, же элиненби өткөң кылымдагы жаңы доордун жарчысы атыккан улуу комузчу, эл артисти Ыбырай Туманов, жаркын жайдары аваздык боекторго бай жаштардын жан шеригине айланган канаттуу обондорду чыгарышкан ырчы-обончулар Аксуубай Атабаев, Канымгүл Досмамбетова чыккан.

“Аганы көрүп иниси өсөт” дегендей айылдаштарынын жолдорун жолдоп, өнөрлөрүн улаган көрүнүктүү комузчу-аткаруучу, күүчү Төлөн Касаболотов. Ал кутмандуу алтымыш жаштын аралыгында айылдык мектепти бүтүрөт, заводдо иштейт, Кыргыз Улуттук филармониясынын алдындагы эстрадалык студияда окуйт. 1975-жылдан Төлөн Караколдогу Ыбырай Туманов атындагы музыкалык окуу жайында педагог болуп иштейт. Төлөн кайсыл гана мектепте, окуу жайында окубасын, кайсыл гана жерде иштебесин колунан комузун түшүрбөйт.

Комуз дүйнөсүнөн бактысын издейт. Жаш шайыр 1975-жылдан тартып республикалык, эл аралык комузчулардын сынактарына, фестивалдарына такай катышат. Баш байгелерди жеңип алат. Төлөн бүгүнкү күндө Ыбырай Туманов атындагы музыкалык окуу жайынын комузчулар ансамблин жетектейт. Бир эле мезгилде Ага хан корунун “Устат шакирт” борборунда эмгектенет. Ал башка комузчу-аткаруучулардан айырмаланып, замандын агымына, өзү жашап жаткан доорго айкалышкан ондогон күүлөрдү чыгарат. Төлөн мени менен болгон маегинде алгач комуз кармап, күү чертип калышына атасы Касаболот менен энеси болгонун айтып келип, анан сөзүн мындайча улады:

- Биздин кичинекей айылдан залкар комузчу-күүчү Ыбырай Туманов, обончу ырчы Канымгүл Досмамбетова, обончу-ырчы Аксуубай Атабаев чыккан. Булардан башка айылда радио, телевидениеден чыгып ырдап, күү чертишпесе да шайырлар көп. Ошолордун таасиринен комузга кызыгып, музыка дүйнөсүнө келдим. Кийин Ыбырай атабызга кезиктим. Өзүнүн чертип берүүсүнөн күүлөрүн үйрөндүм. Ошентип бала кезимден комуз чертип, күү да чыгарып келатам.

- Эмне үчүн черткен күүңдү “Кыял терме” деп атадың эле. Угармандарга маани маңызын чечмелеп айтып берсең?

- Бул күүмдү 1967-жылы чыгаргам. Союздун учурунда формасы улуттук, мазмуну социалисттик деп салттуу музыканы жерип, орусташып бараткан кезде кыргыз күүлөрүн чертсек эле “ай кое турчу” деп эле, “биздин заман гүл турмуш”, “Толкун”, “Шаттык” деген чыгармалар чыга баштады. Ошентип, улуттук салттуу музыкабыз унутула баштады. Ошондо ар кандай кыялдарга батып, бир чети капаланып, ар кандай ойлорго батып, “Кыял терме” деген күүмдү чыгарган элем.

- Төлөн мырза жаңы чыгарган күүң барбы?

- Бар. Эмики күүм “Карыянын элеси” деп аталат. Атамдан өтө жаш калдым. Өзүмдүн атам менен теңтуш өскөн Кыдырбай деген чоң атам бар эле. Ошол киши эки жакка барганда өзүнүн неберелерин албай, кеп уксун, сөз уксун, элди көрсүн, ушул баладан бирдеме чыгат деп мени атына учкаштырып алып той, ашка алып барар эле. Өзү сакалдуу карыя болгондуктан, кошуна айылдын барына баруучу. Ошондо чоң атам: - Төлөн дегенде эле энем: - Акем чакырып атат, батыраак, - деп кийинтип жөнөтүп калчу. Анан жолдо баратканда чөмөлөлөрдү, чабыктарды, токойлорду, тоо ташты аралайбыз. Чоң атамдын бир обону бар эле. Ал ошону ырдап, атынчу – деп камчыланып эле жүрүп отурар эле. Ошол чоң атамдын жаркын-асыл элеси жүрөгүмдө калыптыр.

- Төкө жогоруда угуучулар уккандай күүлөрдү чыгаруу менен бирге устатың Ыбыкемдин (Ыбырай Тумановдун) күүлөрүн да чертип жүрөсүң. Деги эле Ыбыкем кандай адам эле?

- Ыбыкем узун бойлуу дардайган киши эле. Айрымдар айтып жүрүшөт “Ыбыкем сөзгө жок эле" дешип. Жок андай эмес, Ыбыкем аябагандай сөзмөр, макал-ылакаптардан төрт-беш сап ырларды кошо коюп сүйлөөр эле. Биздин энелерибиз Ыбыкемди “Комузчу акенин күүсүнөң да сөзү даамдуу эле дешип тамшанып калышчу. Бала кезимде “Жаш тилегин”оозум менен ойноп жүрдүм. Биз күнү Ыбыкеме комузсуз эле “Жаш тилекти” чертип берсем, көрүп туруп, анда балам сага “Жаш тилекти үйрөтөйүн – деп “Жаш тилегин үйрөткөн эле.

- Төлөн мырза, өмүр бою жаш шайырлар менен иштешип келе жатасың. Бүгүнкү күндө жаштар музыкалык окуу китептери, алар уга турган залкар шайырлардын чыгармалары менен камсыз болушканбы?

- Ысык-Көл областынын борбору Каракол шаары. 80-жылдары Балбай Алагушов, Таштан Бөрүбаев “Кыргыз музыкасынын антологиясын” түзүп, желим табактардын топтомдорун чыгарып беришкен эле. Биз үчүн ал табылгыс, баа жеткис белек болгон эле. Азыркы күндө желим табактар эскирди, аларды ойното турган аппараттар жок.

Бирок ошолорду СДге, ДВДге, видео техникаларга, аудиогокөчүрүп туруп, бүгүнкү жаштарга тартуулабасак, алар болбогон баштыштын эстрадалык музыка менен алектенип калышты. Салттуу музыканын баш атында турган Атайдын, Мусанын, Асектин, Мыскалдын ырларын, Токтогул, Карамолдо, Ыбырайдын күүлөрүн угузбасак, аларды балдарга үйрөтө албасак манкурт болуп калабыз. Жалпыга билим берүүчү мектептердеги “Музыка” окуу китептерин Билим жана илим берүү маалымат министрлиги менен бирдикте колго албаса, салттуу музыкабыздан кол жуупбуз.

- Төлөн мырза, Каракол шаарындагы кафелерде, ресторандарда кыргыздын улуу шайырларынын күүлөрү, ырлары аткарылабы?

Жок. Жалаң эле азыркы сөзүнүн, обонунун мааниси жок, ала күү болуп отургандарга ылайыкташкан ырлар ырдалат. Тойлордо да жылаңач ырлар аткарылат. Кафеге барсаңыз да ошондой ырлар ырдалат, ичкен тамагың аш болбойт. Менин оюмча кыргыздыг күүлөрү. Ырлары угузулса абдан жакшы болоор эле.

- Маегиңизге чоң рахмат. Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Сак саламатта болуңуз.
XS
SM
MD
LG