Арстан: - Жакында Айтматов клубунун Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгын кайсы эмгегиңиз үчүн алдыңыз?
Шайыр Касымалиева: - Чыңгыз агабыздын “Чыңгыз-хандын ак булуту” деген чыгармасын атактуу түркмөн режиссёру Какажан Аширов сахналаштырды биздин академтеатрда. Ролдорго ылайыктуу артистерди тандап аткан кезде а киши мага Догуландын – жаш келиндин образын түзүүнү сунуш кылды. Мен андай жаш келиндердин ролун аябай көп ойногонумду, мага Алтундун – кемпирдин ролун аткаруу кызык болуп жатканын айттым.
"Сен жаш турбайсыңбы, көрөлү" деп койгон. Жаш көрүнгөн менен мен деле кыйлага чыгып калганымды айтып безилдегем. Анан жарыя чыкканда карасам “Алтун – Шайыр Касымалиева” деп турат. Аябай сүйүндүм. Кайра корко баштадым. Анткени, бул трагедиялык татаал образ.
Репетицияда, андан сырткары күнү-түнү ой-кыялымда бул жерин мындай кылайын, тигил жерин минтейин деп, тынымсыз изденип жүрүп, лирикалык образдан трагедиялык-драмалык образга өтө кыйынчылык менен көчтүм. Какажан Ашировго да айттым – сиз менин экинчи чыгармачылык дем-күчүмдү ачып бердиңиз деп. Натыйжасы – ушул Чыңгыз Айтматов клубунун Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгы болду.
Урмат: - Шайыр эже сизди көчөдө таанып алып – жүдөткөндөр болобу?
Шайыр Касымалиева: - Жүдөтөт деп деле айта албаймын. Таанып кол тамга алгандар аябай эле көп. Бир жолу бир кызык окуя болду. Тапичке алганы келинимди ээрчитип алып Орто-Сай базарына барганбыз. Контейнердеги кыздардын бири эле үзүлүп-түшүп тиктейт мени.
- Эже, сиз актриса эмессизби?” – деди. Мен:
- Жок, - дедим.
- Сиз деген жанагы бир актриса бар го, ошого куюп койгондой окшош экенсиз. Бирок, ал картаң, сиз жаш экенсиз! – деп атпайбы. Биз келиним экөөбүз каткырып коё бердик...
Жыпариса: - Шайыр эже, сахнага эң биринчи жолу канча жашыңызда чыккансыз?
Шайыр Касымалиева: - Эң биринчи жолу сахнага беш жашымда чыккамын. Ата-энемдер да артист болчу. Экөө тең адегенде элдик театрда иштешип, анан Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу театрына барышкан.
Атам – Зарлык Касымалиев абдан талантту актёр эле. Апам – Гүлнара Суранчыева чыгыш бийлерин мыкты бийлечү. Мен ал кезде “эже” анан “аба” дечү экемин. Гастролдо жүрүшкөн. Спектакль бүтүп, концертке кийим которуп атышкан. Мен сахнага чыга калып, көшөгөнү минтип аркама кармап туруп: “Азыр менин эжем бийлеп берет сиздерге!” – деп жарыя айтып ийипмин. Элдин баары аябай күлүшүп, а бер жактан башка жигиттер мени көшөгөнүн артына акырын тартып кирип кетиптир. Ошентип мен биринчи жолу беш жашымда сахнага чыккамын.
Ал эми сегиз жашымда роль ойноп, телеге тартылгамын. Атам ушул Кыргыз мамлекеттик драма театрында иштечү. Ошондо Жамал Сейдакматова эжелер болуп бир телепостоновкага тартылышкан. Алардын кызынын ролун аткарыш үчүн башка кызды даярдап жүрүшкөн экен. Ал ооруп калып, мени алпарышыптыр. Сөздөрдү жаттаткан атам.
Телевидениенин бир жерине кирсек ал жерге күмбөз даярдап коюшуптур да, Жамал эженин сүрөтүн илип салышыптыр. Жамал эжени бир аз мурдараакта эле көргөмүн. Ал тирүү болчу. Тигил сүрөт калп илингени үчүн ыйлагандын ордуна күлүп атпайымбы утуру эле. Режиссёр окшойт, бакырды бир маалда. Атам азыр ыйлатам деди.
Өзүнүн сөздөрүн айтып бүтүп, мен сүйлөп баштаганда колдорумду карыштыра кармады эле – “Апа-а, мен сени сагынды-ым...” – дегенче эле бакырып ыйлап ийдим. Тигилер тартып атышат. Ошентип роль аткаргамын сегиз жашымда.
“Азаттыктын чыгармачылык кечеси” аттуу берүүбүздүн мейманы Бакен Кыдыкеева атындагы, Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктардын лауреаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева.