Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Р.Момбеков: Мурдагы министрлер ремонт менен алектенген


Маданият тармагындагы өзгөрүүлөр жана талаштуу маселелер тууралуу Маданият министринин милдетин аткаруучу Рыскелди Момбеков “Азаттыкка” маек курду.

- Опера балет театрынын жамааты эмне себептен жаңы башчынын дайындалышына нааразы болуп жатышат?

Рыскелди Момбеков: Алмаштырды деп айткандан мурун, мен анын мурунку өзүнүн кызмат ордун калыбына келтирдим десем туура болчудай. Анткени Опера балет театрына жаңы барган директор Тимур Саламатовду кыргызстандыктар жакшы эле билсе керек, анткени ал ошол жерде кызматта иштеп турган кезде Жаныш Бакиев тарабынан куугунтукталып, кызматынан четтетилген болчу. Бирок ал киши ошол күндөн ушул күнгө чейин БЭКтин катарында жүрүп, президенттик шайлоодо үгүт иштерине катышып, “Ата мекен” партиясынын гимнин жазып, саясий ишмердигин уланткан. Мурун куугунтукталгандан кийин, эгер биз акыйкат жөнүндө айта турган болсок, ал кишини кайра ордуна алып барышыбыз керек болчу.

- Маданият министрлигинде 17 миңден ашуун адамды кыскартуу тууралуу айткан экенсиз, бул жаңы нааразычылыктарды жаратпайбы?

Рыскелди Момбеков: Мурунку агенттик болсо аты гана министрлик болду. Тескерисинче, кыскартуу жөнүндө эч кандай сөз болгон жок, болгону кадр саясатында мен кандайдыр бир кадамдарга барып, маданиятты көтөрүш үчүн өзүм ишенген адамдарды көтөрүшүм керек. Ошолор эле карап көрсөңөр филармонияда он жыл отурса, Кыргыз драма театрында 11 жыл отурушкан. Ал эми Кыргыз драма театры беш жылдан бери ремонт болуп, эч кандай спектаклдер тартылган эмес. Эми биз алмаштырышыбыз керек.

- Сиз шаардагы кинотеатрлар да мыйзамсыз менчиктештирилген, алардын баары кайра алынат дептирсиз, маданият министрлиги аны башкарганга күчү жетеби? Өзүңүз билгендей көп жылдар бою каралбай калган кинотеатрлар азыр оңдолуп, эл келе баштабадыбы?

Рыскелди Момбеков: Кинотеатрлардын баары менчикке өтүп кетти дегенге мен караманча каршымын. Ошол эле “Чатыр-Көл” театры өтүп кеткен экен, аны Башкы прокуратура кайра мамлекеттин карамагына өткөрдү. Ал эми “Ысык-Көл” театры болсо мечит салыш үчүн мэриянын карамагына өтүп кетиптир. Бирок эл ал жерге мечит салганга каршы болуп, азыр мэриянын баланысында эмес болуп орто жолдо турат. Ал эми “Октябрь”, “Россия”, “Ала-Тоо” кинотеатрлары жөнүндө айтсак, алар узак жылга ижарага берилип кеткен, анын төлөгөн акчалары өтө эле аз. Мен алар менен сүйлөшүп, “эгерде ушундай боло турган болсо, силер маданият тармакка кызмат кылышыңар керек, кино көрсөтүлүш керек, өзүңөрдүн чарбалык иштериңерди жүргүзгүлө мен каршы эмесмин, бирок ижара акысын, көлөмүн көбөйтүш керек” деп айткам.

- Маданият министрлиги кайрадан министрлик болуп түзүлдү. Сиз ишиңизди эмнеден баштап атасыз?

Рыскелди Момбеков: Маданиятты ордуна коюш үчүн, же маданиятка көңүл буруш үчүн мамлекет башчынын болгон көңүлүн ушул тармакка бурушубуз керек экен. Мен ойлойм, Роза Исаковна маданиятка кенен түшүнгөн, терең билген адам катары биринчи эле анын кадамы маданият министрлигин түзүп бергени болду.

Эгемендик алгандан бери маданият министрлигинде ушунчалык кош көңүл мамиле жасалган экен. Алтургай 17 миң армиясы бар министрликтин Ысык-Көлдө эс ала турган бир да жери жок экен. 20 пансионат улутташтырылды, бир пансионатты биздин баланска коюп берсеңиздер бул чоң жетишкендик болот эле. Буга чейин иштеп кеткен министрлердин баары көбүнесе имараттарды ремонт иштери менен алектенип келиптир. Бул жерде да чоң финансылык, чарбачылык мыйзам бузуулар болгон. Ошолордун бардыгын ордуна койсок, мамлекет башчаларыбыздын маданиятка койгон мамилесин ордуна койсок, мен ойлойм, бул реформанын алгачкы башаты болот деп.

- Сиз “Манас” эпосун улуттук мурас катары макамын алып берүү тууралуу декрет чыксын деп сунуш көтөрүп жаткан экенсиз. Бул эмнеден кабар берет?

Рыскелди Момбеков: Биз “Манас” эпосун мыйзамдаштырбагандыктан улам аны Кытай тарап ЮНЕСКОго каттатып алган. Эми эртең “Семетей”, “Сейтекти” дагы башка улуттар маданий мурас катары каттатып жибербесин деп “Манас” үчилтигин мыйзам түрүндө кабыл алдырып, ошол мыйзамдын негизинде мен ЮНЕСКОго кайра каттоого бергени турам.
XS
SM
MD
LG