Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Өткөн аптанын маданий окуялары


Маданият жана маалымат министри Султан Раев "Маданият жөнүндө" жаңы мыйзам кыргыз улуттук маданиятын кайра жаратууга жол ачат деген ишенимде
Маданият жана маалымат министри Султан Раев "Маданият жөнүндө" жаңы мыйзам кыргыз улуттук маданиятын кайра жаратууга жол ачат деген ишенимде

“Учур” жаштар театры япониялык атактуу режиссер Акира Куросаванын чыгармасы боюнча спектакль даярдоого киришти. Маданият тармагы жаңы мыйзамга ээ болду.

  • Бишкектеги “Учур” жаштар театры япониялык атактуу режиссер Акира Куросаванын чыгармасы боюнча спектакль даярдоого киришти. Бул чыгарманы сахналаштыруу максаты менен Тажикстандан Бишкекке режиссер Барзу Абдразаков учуп келди.

  • 14-апрелде маданият жана маалымат министри Султан Раев “Кабар” агенттигинде “Маданият жөнүндөгү" жаңы мыйзам боюнча маалымат жыйынын өткөздү. Жаңы мыйзам 14-апрелден күчүнө кирди. “Бул мыйзамдын 1992-жылдагы “Маданият” тууралу мыйзамдан башкы өзгөчөлүгү – эң оболу ал кыргыз улуттук маданиятын кайра жаратууга багытталгандыгында” деди маданият жана маалымат министри Султан Раев.

  • “Шаттык” балдар бий ансамбли Түркиянын Измир шаарына 16-апрелде жөнөп кетти. Аталган фестиваль Түркияда 23-апрель балдар күнүнө карата жыл сайын өтөт. Бул эл аралык фестиваль 27-апрелге чейин өтүп, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Эрик Латыпов жетектеген “Шаттык” балдар бий ансамбли “Баба мурас” таматикасындагы бийлерди тартуулайт.

  • Акын Ажем Жаманкуловдун Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине карата жазып баштаган “Улуу Чыңгыз” поэмасы Бишкектен чыккан “Пайгамбарлар” китебинин эки санына чыкты. Учурда акын Айтматовду жоктогон поэманын үстүндө иштеп жатат.

  • 17-апрелде мамлекеттик музейде чыгармачылыгы айрыкча 70-жылдарда “жарк” эткен сүрөтчү маркум Мэлс Акынбековдун сүрөт көргөзмөсү жана ал тууралу китептин бетачары өттү. Учурунда анын “Алайкуу өрөөнүндө” аттуу эмгеги Москвадагы Третьяков галереясына алынган. Мэлс Акынбеков тууралу китеп “Кыргыз патент” мамлекеттик кызматы тарабынан жарыкка чыкты. Сүрөтчүнүн учурда Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик музейде 17 эмгеги сакталып турат. Мэлс Акынбеков сүрөт эмгектеринде кыргыз тарыхына, портреттик, пейзаждык, натюрморттук жанрларга кайрылган.

  • Быйыл "Кыргыз китеп" палатасына 70 жыл толот. 23-апрель Эл аралык китеп күнүн утурлап өтүп бараткан апта ичинде мамлекеттик китеп палатасында жана Бишкектеги китепканаларда китеп проблемаларына арналган жыйындар жүрдү. Ошондой эле “Жылдын мыкты китеби” сынагын уюштуруучулар сынактын жеңүүчүлөрүн аныктап, жыйынтыктарды чыгарды. Жеңүүчүлөр 23-апрель Китеп күнүндө жарыяланат.




XS
SM
MD
LG