Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:51

Т.Сариев: Өкмөттөгүлөр өз чөнтөгүн ойлоп жатышат


Өкмөт “Түндүк электр”, Бишкек жылуулук тармагы жана Бишкек жылуулук борборун сатууга камынууда. Мындай аракеттин артында бийликтин гана кызыкчылыгы турат деп билдирди “Азаттыкка” “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев.

- Темир мырза, мына “Түндүк электр” ишканасы 4 млрд. сомдон, Бишкек жылуулук тармагы 2 млрд. сомдон, Бишкек жылуулук борбору 11 млрд. сомдон ашыкка бааланууда. Баалоону көз карандысыз комиссия жүргүздү деп айтылып жатат, сиздин пикириңизче, ушул белгиленген баа канчалык деңгээлде ылайыктуу?

- Биринчиден, кайсы көз каранды эмес аудитордук компания аны баалады, биз билбейбиз. Алар кайсы баа менен алышты, бүгүнкү анын анык баасын коюунун жобосун билбейм. Ошондуктан, мен айта албайм канчалык алар туура баалашты. Бирок мен айтып кетишим керек, ТЭЦ дагы, “Түндүк электро” дагы эбегейсиз чоң мааниси бар объект. Муну бир гана баалап сатып коюш туура эмес, анткени ар бир объектинин артында элди камсыз кылуу боюнча маселелер турат.

- Борборубузду жылуулук, электр жарыгы менен камсыз кылып турган мамлекеттик деңгээлдеги стратегиялык маанилүү объектилердин жеке колго өтүшү карапайым калктын турмушунда кандай маселелерди пайда кылышы мүмкүн?

- Түздөн түз таасир тийгизет. Анткени азыр көрүп атпайбызбы баарыбыз тең, электр энергияны туура эмес колдонуп, элдин баары тең караңгы үйдө отуруп атышат. Эртең алар келсе эле жарык келет деген гарантия барбы, мен буга ишенбейм. Экинчиден, “Түндүк электронун” баардыгын тең бир бүтүн кылып сатканга биз каршы чыкканбыз. Буларды эгерде ушунчалык эле сатыш керек, андан башка жолу жок десе, анда район-районго бөлүп туруп, мурунку эски РЭСтердин деңгээлинде сатыш керек, ошондо биз Кыргызстандын бизнесмендерине бере алат элек. Булар болсо атайын проект менен келишкен. Мына мурунку шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү деле айтып жүрүшөт, парламент үй-бүлө үчүн чоң бизнес проект болгон деп. Булар келип үч чоң объектини, алтын кендерин сатып эле өздөрүнүн ишин бүтүрөбүз деген ой менен жүрүшөт. Мен буга каршымын.

- Бул объектилерди сатуу менен өкмөт эмне максатты көздөп жатат деп ойлойсуз?

- Айтыш кыйын, алар чөнтөгүн ойлоп атат болуш керек. Ал жерде атайын ушул маселени чечкенге гана келишкен. Ошонун ичинде бүгүнкү премьер-министр дагы өзүнүн сөзүндө айтып кеткен жаңы премьер болгондо, “менин негизги максатым энерго секторун приватташтырып сатыш” деп. Кечээ жыйын болду, алардын айтканын угуп атабыз, электр жарыгы жок деп айткандан башка конкреттүү эмне кылабыз, электр энергияны иштеп чыгарууну кантип көбөйтөбүз деген жок.

- Учурдагы энергетикалык кризис Бишкек жылуулук борборун, Түндүк электрди арзан баада сатуу үчүн атайылап жасалган аракет деген пикирлер айтылууда. Сиздин көз карашыңызда, мындай сөздөр канчалык негиздүү?

- Мен деле айтып атпаймбы ошону. Ким муну баалады, кандай жол менен баалады, кайсы баа менен алышты биз билген жокпуз да. Эгерде Бишкек шаарында бир сотых жер 20-30 миң долларга чыгып атса, а ТЭЦ канча гектар жерди ээлеп турат, анын ичинде темири, имараттары канча.

- Бишкек ТЭЦин жана “Түндүк электрди” менчиктештирүү маселесин өкмөт өзү эле чечип коюшу туура деп ойлойсузбу?

- Мурунку мыйзам боюнча булар сөзсүз түрдө Жогорку Кеңештин макулдугун алыш керек болчу. Бирок бүгүнкү Жогорку Кеңештин кейпин баарынар көрүп турбайсыңарбы. Алар добуш берүү гана машинеси болуп калган. Алар өкмөткө өзүңөр саткыла, өзүңөр билгиле деп жобону берип койгон.

- Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG