Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:25

Сапарбек Асанов: Жеңүүчү жаш дизайнерлер чет өлкөгө барышат


Бишкекте жеңил өнөр жай тармагы боюнча жармаңкеде жеңүүчү дизайнерлерге АКШ, Франция жана Орусияда өтө турган сынакка жолдомо берилди.

Бишкекте жеңил өнөр жай тармагы боюнча өткөн көргөзмө-жармаңкеде жеңүүчү болгон жаш дизайнерлер Париж, Нью-Йорк жана Орусияда өтө турган сынакка жолдомо алышты. Бир аптага созулган көргөзмө-жармаңкени Жеңил өнөр жай ассоциациясы жана “Дизайн мода” агенттиги уюштурду.

Бул багыттагы суроолорго Жеңил өнөр жай ассоциациясынын төрагасы Сапарбек Асанов жооп берди.

- Жеңил өнөр жайчылардын жармаңкеси аяктап жатат. Канчанчы жолу өткөрүп жатасыңар? Бизде жеңил өнөр жайчыларга жеңилдиктер берилгенби, өкмөттүк деңгээлде камкордукка алынганбы?

Сапарбек Асанов: Эл аралык көрсөтмө жармаңке быйыл төртүнчү ирет өттү. Жармаңкенин алдына койгон максаттары - адегенде биздин тармакта иштеп аткан ишканалар, ишкерлер өзүлөрүнүн жетишкендигин, деңгээлин элибизге, жерибизге көрсөткөнгө шарт түзүлдү.

Экинчиден, өкмөткө "биз, жеңил өнөр жайчылар, иштеп атабыз, өнүгүп атабыз" деген жакшы жөрөлгө болду. Ар кайсы деңгээлден жеңил өнөр жай тармагы өсүп, өнүгүп атат деп айтылып калат. Ошол сөз бойдон калбастан көрсөтүшүбүз керек. Ошон үчүн жармаңке уюштурдук.

Жармаңкебиз Кыргызстан боюнча биздин жеңил өнөр жай тармагына эң чоң аянт, жарнаама болуп эсептелет. Анткени бул жерден жалаң эле өзүбүздүн элибизге, жамаатыбызга көрсөтпөстөн, Казакстандын, Орусиянын шаарларынан өкүлдөрдү чакырганбыз. Анткени биздин чыгарып аткан продукциянын 90 пайызы экспортко кетип аткандан кийин, биздин тартыла турган рынокторубуздун баары Орто Азия, Казакстан, Орусия болгондуктан биздин көрсөтмө жармаңкебизге Татарстандан биринчи вице-премьер министр коштогон 16 кишиден турган делегация келди. Екатеринбург, Москва, Алматыдан атайын делегация келди. Тыянагын чыгарсак, өткөргөн көрсөтмө жармаңкебиз абдан жемиштүү болду.

- Жармаңке менен эле чектелбей, дизайнерлердин да сынактарын өткөрүп жатыпсыздар. Ал жерде жеңүүчүлөргө кандай мөрөйлөр, байгелер берилди? Кимдер жеңүүчү деп табылды?

Сапарбек Асанов: Жармаңкенин ишинде биз атайын жыл сайын жаңы өсүп келаткандардын, студенттердин жана ишканалардын арасынан жакшы дизайнерлерден өзүлөрүнүн коллекциясын көрсөткөнгө атайын аянт түзүп берип жатабыз. Бул жерге ошону сыноого калыстар тобунун курамына Орусиядан атактуу дизайнерлерди чакырганбыз.

Москва шаарында «Интернешл хауз» деген чоң мода үйү бар. Ошонун жетекчиси Вадим Хусаинов келди. Мындан сырткары, өзүңүздөргө белгилүү, ОРТ каналында «Модный приговор» деген берүү бар. Ошонун башкы редактору Наталья Журавлева баш болуп жети өкүл келип, калыстар тобуна катышып, биздин жаш дизайнерлердин жумушун көрүп, «абдан жакшы, жогорку деңгээлде» деп табышты.

Ошол кароону Бишкектеги «Дизайн мода» деген агенттик менен биргеликте акыркы үч жылдан бери өткөрүп келатабыз. Баш байгени жеңгендерди Парижге, эл аралык конкурска жөнөтмөй болдук. Диер Карден деген атактуу дизайнер бар. Ошонун май айында өтө турган мода майрамы болот экен. Ошол жерге бизден дизайнерлер жакшы коллекциялар менен барганга жолдомо алышты.

Экинчи орундарды ээлегендер июль айында Нью-Йоркто өтө турган чоң эл аралык көрсөтмөгө барышат. АКШдагы сынакка катышат, алар да жолдомо алышты. Ал эми үчүнчү орунду ээлегендер Орусияда Туапса деген шаарда марттын аягында өтө турган эл аралык сынакка катышат. Ошол жакка да жакшы коллекцияларды жөнөтүп атабыз. Буларга абдан жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кыргызстандын намысын коргогонго абдан жакшы жөрөлгө болду деп ойлойм.

- Мурда 1-Май, 8-Март, ВЛКСМ жана башка чоң фабрикалардын чыгарган кийим-кечелери абдан мыкты сапаты менен бааланчу эле. Ошондой сапатты кыргыздын тигүүчүлөрү, ишкерлери сактап келатабы?

Сапарбек Асанов: Жок, ири фабрикалар жоюлганы менен мен ойлойм, бүгүнкү күнү андан да эки эсе жеке ишкерлер көбөйүп жатат. Анткени илгери Советтер Союзу убагында ВЛКСМ, 1-Май, 8-Март, "Октябрдын 40 жылдыгы" деген ири ишканалар, фабрикалар бар болчу.

Бүгүнкү күнү орто эсеп менен алганда жеңил өнөр жай тармагында 926 ишкана иштейт. Ошолордун ичинен, Улуттук статкомитеттин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү биздин тармакта 158 миңден ашык киши иш кылып жатат.

Илгери Советтер Союзу убагында пландык экономика болчу. Бүгүнкү күнү орто эсеп менен миңге чукул ишкана болсо, булардын бардыгы базар экономикасына ыңгайлашып, өздөрү рынокту изилдөө иши менен чыгармачылык гана иштешет. Анткени чыгарып аткан продукциясы рынокко керекпи, керек эмеспи, ошого жараша өндүрүш дагы өскөнгө болот. Ошондуктан бүгүнкү күнү Кыргызстандан чыккан кийим-кече, биздин продукция Орто Азия өлкөлөрүнө, Казакстан, Орусияга өзүбүзчө туруктуу орун тапканбыз. Ошол орунду биз жоготпой, чыгарып аткан продукциянын сапатынын деңгээлин көтөрүп, жалаң эле өзүбүздүн ордубузду сактап калбастан, дагы ошону көбөйткөнгө аракет ишин жасап жатабыз.

- Базарларда Кытайдан чыккан арзан, бирок сапаты начар кийим-кечелер толуп турбайбы. Ошол себептен биздеги мыкты тигилген, сапаттуу кийимдердин баалары кандай болуп жатат?

Сапарбек Асанов: Кытайдан чыгып аткан продукциялардын бааларынан биздики кымбатыраак, ал эми Түркиядан келип аткан продукциялар биздикинен кымбат болот. Биз эң чоң сигмент менен эң арзан сигменттин ортосундабыз. Биздин сапатыбыз Түркияныкынан кем калбайт, бирок баасы бир далай арзан. Өзүбүздүн ата мекендик өндүрүштү колдошубуз керек. Ал эми өкмөт колдомок тургай салыктар менен муунтуп, ишкерлерди жүдөтүп турган учуру. Электр жарыгы баштап бардык материалдар да кымбаттап, ишкерлерге бут тосулуп жатат.

XS
SM
MD
LG