Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

М. Эшимканов: Өнүктүрүү фонду каржыны башкаруунун жаңы ыкмасы


Игорь Чудинов
Игорь Чудинов

Өнүктүрүү фондундагы акчаларды башкарууга MGN Group компаниясынын активдери жетиштүү эмес болчу. Ошондуктан аталган фонд ал компания менен келишимди үздү. Бул тууралуу Өнүктүрүү фонддун төрагасы Игорь Чудинов 18-мартта билдирди. Оппозиция болсо бийлик мындай фондду өлкөдөгү каражатты өз каалагандай пайдалануу үчүн гана түзгөн, деп сындап жатышат.

Өнүктүрүү фонду MGN Group менен түзгөн келишимин үзгөнүн аталган компаниянын жетекчиси Евгений Гуревичке Италияда кылмыш иши козгологону тууралуу маалыматтар калкып чыккандан кийин 10-мартта жарыялаган.

Фонд өткөн жылы сентябрь айында өзүнүн карамагындагы активдерди башкаруучу компанияларга тендер жарыялап аны MGN Group жеңип алган. Өнүктүрүү фондунун башчысы Игорь Чудиновдун айтымында, бирок ал келишим бир нече себептерден улам ишке ашпай турган:

- Биринчиден, биздин акча ресурстарыбызды башкаруу үчүн МGN Group компаниясынын активтери жетиштүү эмес болчу. Өткөн жылдагы биздин ишибиздин жыйынтыгын чыгарып жатып, фонддун активдеринен түшкөн кирешелерден улам бул келишимге муктаждык деле жок экенин түшүндүк. Ал келишим бир тараптан үзүлдү.

Игорь Чудинов MGN Group компаниясынын башчысы Евгений Гуревич Орусиядан келген кредитти Өнүктүрүү фонду аркылуу ыйгарып алышы тууралуу сөздөрдү туура эмес деп четке какты:

- Каржы министрлиги Өнүктүрүү фондуна Орусиядан кредитке келген 286 миллион доллар акча каражатты өткөрүп берген. Бүгүнкү күндө жүз миллион доллар Камбар-Ата-2 улуттук долбоорго жумшалды. Андан сырткары 17 миллион кыргыз банктарында депозит болуп турат. 71 миллиону болсо Өнүктүрүү фондунун эсебинде турат. Анткени быйыл бир нече ири долбоорлорду каржылоо боюнча пландар бар.

Өткөн жылы октябрь айында MGN Group компаниясынын жетекчиси Евгений Гуревич “Азаттыкка” маек куруп

Өнүктүрүү фонддун байкоочулар кеңешинин төрагасы Мелис Эшимкановдун айтымында, Кыргызстан Өнүктүрүү фонддун түзүү менен глобалдык каржылык шартта каражаттарды башкаруунун жаңы ыкмасын колдонуп жатат:

- Буга чейин Кыргызстан он сегиз жылдын ичинде эки миллиард доллар карыз алган. Ал карыздардын баары мамлекеттин, өкмөттүн мойнуна түшкөн. Анын төлөмдөрү биздин өзүбүздүн ички социалдык маселелерибизди чечиш үчүн улам жылып келе берген. Биринчи жолу Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борборду агенттик, анын ичинде биз иштеп жаткан Өнүктүрүү фонду ким карызды алат, ким көзөмөлдөйт, ким ал карыздын кепилдигин алып иштетет деген жаңы тышкы карыздар менен, тышкы грант, инвестиция менен иштөө жөнүндө жаңы заманбап механизм баштады.

Антсе да оппозиция өкүлдөрү бул айтылгандарга ынбай келишет. Элдик кеңештин жетекчиси Мукар Чолпонбаевдин баамында, мындай фондду бийлик өз кызыкчылыгына карап түзгөн:

- Бийлик бул фондду эптеп Кыргызстанда чогулган акчанын баарын бир жерге топтоп, өздөрү пайдалануу үчүн түзгөн болчу. Бул “үй-бүлөгө” багытталган. Фондго көзөмөл жүргүзгөнгө Максим Бакиевдин эн жакын досу, анын капчыгы деп койсок болот Евгений Гуревичти атайын алып келишкен. MGN Group компаниясында негизги фигуралар Максим, Гуревич анан Надель экенин баарыбыз эле билебиз. Эми Өнүктүрүү фонду түштөн кийин эптеп сөз менен кутулуунун айласын издеп жатат.

Мамлекеттик корпорация Өнүктүрүү фонду президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикке карайт. Фонд өзү 2007-жылы түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG