Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Б.Мамбетов: Кыргызстан ГЭСтерин өзү текшере албайт


Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов өлкөдө ГЭСтердин абалын текшерчү мыкты адистер жок, ал үчүн чет өлкөлүк адистерди чакыруу зарыл деп эсептейт.

- Базарбай мырза, Россиянын Саян-Шуша ГЭСиндеги кырсыктын себептери аныкталды окшойт, ошол айтылган жооптор сизди ынандырдыбы?

- Саяндагы болгон кырсыктын себептеринин баардыгы бүт дүйнөгө белгилүү. Алардын баары толугу менен аныкталып бүттү деп ойлойм. Ошол жердеги болгон кырсыктын кесепеттери биздин Токтогул каскадындагы ГЭСтерге да тиешелүү деп эсептейм.

- Кыргызстандагы ГЭСтердин азыркы абалына да токтоло кетсеңиз?

-Турбиналардын өлчөмү башка болгон менен Саян менен Токтогул ГЭСинин ортосундагы ошол конструкциянын түрү бирдей эле, бир система менен, бир заводдон жасалган турбиналар экен да. Азыр Саяндагы болгон кырсыктын эң негизги себеби - ошол металдын чарчагандыгы, же эскиргендигинде, башкача айтканда өз кызматын өтөп бүткөнүндө болуптур да. Мына бул ГЭСтердин ишке киргенине 40 жыл болду деп жатпайбызбы. Ал турбиналаралды жасаганда да айтышкан экен, 40 жылга чыдайт деп.

Биздин Токтогул ГЭСинин турбиналарын ишегенине да 40 жыл болуп калыптыр, бирок азырга чейин биз бир дагы турбинаны алмаштырган эмеспиз. Кичинекей эле тетиктерин алмаштырган менен эң негизги турбиналарды алмаштырган эмеспиз. Кырсыкка ал турбиналарды ашыкча күч менен иштетүү себеп болоору айтылып жатпайбы. Бирде ылдый түшүп, бирде аябай жогору күч менен иштетип атканда турбина дирилдөөгө келет экен да, ал иштеп аткан металлды чарчоого алып келип, анан бир маалда ошондой күч келгенде жарылып, үзүлүп, талкаланып кетет экен да.

- Базарбай мырза, мына энергетика министрлиги ГЭСтерди текшерүү боюнча комиссия түзгөнүнүн кабарлады. Ат-Башы ГЭСин, Токтогул ГЭСин текшерүүгө мүмкүн парламенттик же көз карандысыз комиссия зарылдыр?

-Бул жерде эч кандай парламенттик комиссиянын кереги жок. Экинчиден Россияда кырсык болгондон кийин эле жети күндүн ичинде бүт иштеп аткан гидроэнергетикалык станциялардын баардыгын стратегиялык мамлекеттик комиссия түзүп, текшерип чыгышты. Биздикилер болсо мына, бир айдан ашып кетти ушул убакка чейин комиссия түзө элек экен. Үчүнчүдөн, жогорку квалификациялык комиссия Кыргызстандан чыкпайт. Себеби убагында ушул гидро электрстанцияларын политехникалык институттан келген мугалимдер башкарабыз деп, бүт квалификацияланган инженерлер, мыкты адистер жумуштан бошоп, Россияга кетип калышкан.

Ошондуктан азыр биздин Кыргызстанда иштеп аткан эл аралык уюмдарга кайрылышыбыз керек. Чет өлкөдөн жогорку квалификациядагы адистерди алып келип, комиссия түзүп, ошолорго текшертишибиз керек. Бирок бул ишти создуктурбай, тез арада бүтүрүү зарыл.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG