Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:36

Чытырман токойдун чыры бүтпөйт


Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин айланасында талаш-тартыш көптөн бери уланып келүүдө. “Азаттыктын” суроолоруна аталган агенттиктин жетекчисинин орун басары Абдыкалык Рустамов жооп берди.

- Айлана чөйрөнү коргоо агенттигине байланыштуу талаш-тартыштар көп болуп атат. 7-апрелден бери агенттиктин башында Топчубек Тургуналиев турду эле, бир катар нааразычылыктардан кийин 23-июлда кызматтан алынды. Анын ордуна келген Мирслав Аманкулов кечээ кызматтан алынды. Бул жерде кандай талаш, түшүнбөстүктөр бар?

Абдыкалык Рустамов: Мен бир нерсени айтып кетишим керек, Топчубек Тургуналиев келгенден кийин мен 10 күндөн кийин келдим. Келип экөөбүз жумушту баштадык. Орун басары бар Анарбаев деген, ал жердеги адистер Койчуманов, Турусбаев, Артыкбаев, Норузбаев деген бар. Көп-көп деген мыкты адистер бар, ошолор менен ишти баштап, жумуш алдыга жакшы жылып бараткан болчу. Бирок өкмөттөн куратор Аманкулов Мелис Алканович көзөмөлдөөчү болуп келген.

Бир ай мурун Аманкулов агенттикке Топчукенин ордуна келет деген имиштер көбөйүп кетти. Андан мурун элден толгон-токой арыздар келген болчу. Арыздарды текшерүүнү Топчукенин буйругу менен мен көзөмөлдөшүм керек болчу. Ысык-Көлдө текшерүү иштери башталган. Токой чарба, Караколдогу улуттук парк, Ысык-Көлдөгү аймактык башкармалыктын үстүнөн арыздар түшкөн болчу. Ошолорду биздин комиссия фактылар боюнча текшергенде көпчүлүгү аныкталган.

- Аныкталганда жетекчилер кызматтан алынганбы?

Абдыкалык Рустамов: Аныкталган фактылар боюнча кызматтан кишилер алынгандан кийин ушуну шылтоо кылып колдонуп, Топчубек Тургуналиевди кетиребиз деп уюштуруп, биринчи күнү митингге чыгышты. Ошондо бизге маалыматтар келип атты, бүгүн албаса да, көпчүлүгү өз каалоосу менен кетмек эле. Бирок ошол күнкү чечим кандай чечим болуп калды билбейм. Топчубек Тургуналиев үч айдын ичинде бул тармакка аябай чоң салым кошту эле.

- Конкреттүү кандай салымдарды кошту?

Абдыкалык Рустамов: Конкреттүү түрдө айтканда кайтарылгыс гранттар боюнча абдан чоң жумуш жүргүздү. 30 млн. долларга чейин гранттар боюнча, «Жайка», АБР менен иштедик. АБРди 8 млн. долларга кол койдуруп бүтүрдүм. Дагы 80 млн. сомдук долбоор боюнча иштеп атат. 30 млн. долларга чейин гранттарга кол коюлуп, 1-2 айдан кийин биздин тармакка түшө баштамак. Дагы бир маселени Топчуке көтөргөн, биздин агенттиктикти комитет, же министрлик кылалы деп. Абдан чоң жумуш башталды эле. Бул кишинин аброю Убактылуу өкмөткө мүчөлүгү көп нерсеге жардам берип атты эле. Азыр эми ошол ойлорубуз ишке ашабы, ашпайбы, агенттикке ким келет – билбейбиз.

- Топчубек Тургуналиев да кызматтан алынгандан кийин “буга президенттин администрация башчысы Эмил Каптагаевдин да тиешеси бар” деп айтты эле. Сиз жанагы бир катар фактылар аныкталгандан кийин жумуштан алынган деп атпайсызбы. Бул жерде президенттин администрация башчысы менен байланышы жокпу?

Абдыкалык Рустамов: Ачыгын айтыш керек, “ушул киши байланыштуу экен” деп ушундай имиштер көп жүрүп атат. Себеби бул жактагы нааразылык акцияга чыккан 26 кишинин талабы менен чечим чыгып калды.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG