Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Кыргыз улуттук консерваториясы 15 жашка чыкты


19-декабрда Кыргыз улуттук филармониясынын концерттик чоң залында Кыргыз улуттук консерваториясынын ачылганынын 15 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди.

Жыйынды улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев ачты.

- Маданият – элдин жана мамлекеттин жүзү. Элдин маданияты гана – ал элдин келечегин, түбөлүктүүлүгүн камсыздайт. Ал эми ошол маданияттын кооз-кооз образдарынын артында канча бир түйшүктөр жатат... 15 жыл ичинде кыргыз консерваториясы татаал да, даңктуу да жолду басып өттү... Белгилей кетчү жагдай, өлкө президентинин кечээ жакында биздин студенттерди, аспиранттарды президенттик “Алтын шаты” жана “Прелюдия” стипендиялары менен сыйлашы – биздин жамаатка дагы чоң дем-күч берет. Кыргыз улуттук консерваториясы таланттуу жаштарга дүйнөлүк улуу музыкалар менен кыргыздын улуттук классикалык музыкасын жууруштуруп билим берүүдө. Биз өз өлкөбүздүн дүйнөлүк маданияттын айдыңында дагы жарык жанышына салым кошо бермекпи,-деп сүйлөдү Муратбек Бегалиев.

Андан кийин сөз алган мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу мурда кыргыз жаштары музыкалык жогорку билимди Москвадан алып келишкен болсо, мына 15 жылдан бери кыргыз жаштары улуттук консерваториясынан билим алып жатышканын айтып, анын бүгүнкү кыргыз маданиятындагы ордунун чоң экенин белгиледи.

Улуттук консерваторияда – Асанхан Жумакматов, Калый Молдобасанов, Эстебес Турсуналиев, Таштан Эрматов, Салима Бекмуратова, Кайыргүл Сартбаева өңдүү жана башка кыргыз музыка өнөрүнүн корифейлери эмгектенишкен. Консерваториянын 100 дөн ашык студенти жана аспиранты Кыргызстандын жана эл аралык конкурстардын жеңүүчүлөрү. Бир канча бүтүрүүчүлөр дүйнөнүн көптөгөн өнүккөн мамлекеттеринде эмгектенишүүдө жана кыргыз улуттук консерваториясы дүйнөнүн көп мамлекеттери менен карым-катышта.

Улуттук консерваториянын 15 жылдык салтанатында Ыбрайдын, Курмангазынын, Жумамүдүндүн, Вивальдинин, Ютославскийдин, Шостаковичтин дагы башка улуу музыка устаттарынын күүлөрү улуттук консерваториянын, мамлекеттик опера балет театрынын жана президенттик академиялык симфониялык оркестрлердин коштоосунда ойнолду.

Мына ушул мааракелик күндөрдө улуттук филармониянын концерттик чоң залында “Кыргызстан-Польша”, “Кыргызстан-Токио – 2008” аттуу чоң концерттер да өтөт. Музыка сүйүүчүлөргө эшик ачык.

XS
SM
MD
LG