Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Human Rights Watch: Кыргызстанда кыйноолор орун алууда


Оштогу нааразылык акциясы, 12-июль.
Оштогу нааразылык акциясы, 12-июль.

Эл аралык Human Rights Watch эл аралык уюму Кыргызстандын түштүгүндө күч органдары көпчүлүк өзбек улутундагы адамдарды камап, кыйноо аркылуу көрсөтмө алып жатышканын, бул улуттар аралык кагылышуунун кайталанышына алып келиши мүмкүндүгүн эскертти. Анткен менен ички иштер жана коопсуздук органдарынын жетекчилери муну чындыкка туура келбеген билдирүү катары баалап жатышат

Аталган эл аралык укук коргоо уюму өз билдирүүсүндө кармалган өзбек улутунун өкүлдөрүн тамекинин калдыгы менен күйгүзүп кыйнаган, муунткан фактылардын бар экендигин белгилеген. Анда кыйнап-кысмакка алуулар баш алмандык учурундагы кайсы бир кылмыштарды моюнга алдыруу максатында жасалып жаткандыгы айтылат. Бирок Улуттук коопсуздук кызматтынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев Хюман Райтс Уотч уюму ошондой укук бузган учурларды каттаган болсо, алгач бизге тапшырса болмок деген оюн билдирди:

-Эгерде биздин кызматкерлер тарабынан укук бузуулар болсо, адам укуктарын чектеп, тепселөө учурлары болсо албетте жазага тартылат. Ошондой эле багытта ИИМдин, башкы прокуратуранын жетекчиликтеринин дагы позициясы ошондой.

Эл аралык адам укугун коргоо уюмунун билдирүүсүндө июнь айындагы баш аламандыктарга катышы бар деп кармалгандардын көпчүлүгүн өзбек улутундагы жарандар түзүп жаткандыгы сынга алынган. Акыйкатчы Турсунбек Акун бир жактуу, кармалгандар жалаң гана өзбек улутунун өкүлдөрү дегенге макул эмес экендигин айтат:

- Алардын арасында бир топ кыргыздардын өкүлдөрү да бар. Бирок аларга караганда өзбек улутундагылар бир аз көбүрөөк болуп жатат. Анткени өзбек конуштарын текшергенде өзбек улутундагы адамдар көбүрөөк каршылык көрсөтүп, башка кылып, алардан куралдар табылып, текшерүүгө тоскоолдук кылышкандыктары боюнча маалымат бар да. Ошондуктан алардан көбүрөөк адамдар кармалган.

Анткен менен жергиликтүү укук коргоочу Токтайым Үмөталиева баш аламандыктарга байланыштуу кылмыштарды иликтөөдө күч органдары кызмат абалынан ашыра пайдаланган учурлар катталгандыгын белгиледи. Бирок анын айтымында мындай катаал мамиле бир гана улуттун өкүлдөрүнө карата колдонулуп жатат деп айтууга болбойт.

-Жанагы биздин коопсуздук кызматы кызматтык милдетинен аша чаап кетип жатат. Ушул кезге чейин күч органдарынын кызматкерлери формаларын кийише элек. Номери жок машинелерде жүрүшөт. Өздөрү документтерин көрсөттүшпөйт. Ошто көчөдө жүргөн адамдарды эле алып барып туруп, камакка алган учурларды көрүп аттык. Бирок ушунун баарын кайсы бир улутка карыш багытталган шартта жүрүп жатат деп айтууга болбойт. Канчалаган кыргыз балдарды деле кармап барып, суроо-сопкутсуз эле олтургузуп жатышат.

Ички иштер министрлиги бир катар эл аралык уюмдар адам укугун коргоонун алдына жамынып алышып, бир жактуу чагымчыл аракеттер менен алектенип жатышат деп айыптады. Министрдин биринчи орун басары Мелис Турганбаев буга чейин одоно мыйзам бузган конкретүү учурларды далилдеп бербей туруп эле ач-айкырык, куу сүрөөн кыла берүүнүн өзү жоопкерсиздик деп билдирди.

-Укук коргоо органдары менен келип сүйлөшүшпөсө, биз менен маалыматтарды алмашып, кызматташышпаса. Анан эле сырттан эле ушундай деп атат дей бергендин кимге кереги бар. Анан алар тең карашпайбы. Бир жагын, бир капталын карап алып эле айта береби. Ушул аракеттери менен кайра эки элди кайраштырып, эки элдин кыжырын келтирип жатышат. Жазса так, калыс жазыш керек да.

Хьюман Райст Уотч уюму мындан сырткары Кыргызстандын бийлиги Ош, Жалал-Абад окуяларын эл аралык иликтөөгө алууга тезиреек уруксат бериши керек экендигин кошумчалап, анын шарттарын жакын арада бекитүү зарылдыгына токтолгон.

XS
SM
MD
LG