2008-жылдын 8-январында Интернет сайттардын бирине оштук Рыскул Мондошевдин «Кыргыз симбиозу. Эгерде бийлик криминалга жакындашса, а бейөкмөт уюмдар диний-экстремисттик уюмдарга ыкташууда» аттуу макаласы орусча жарыяланып, анда автор «… укук коргоочулар М. Балтабаев жана Р. Гапиров өздөрү «Хизбут-тахрир» партиясынын активдүү мүчөлөрү болуп саналышат, идеялык жетекчилеринин көрсөтмөсү боюнча уюмдун ишин пропагандалоо максатында өнөктүктү күчөтүштү» деп жазган эле.
Буга териккен Оштогу «Акыйкат сот - чындык» укук коргоо борборунун директору Равшан Гапиров Рыскул Мондошевдин электрондук дарегине орус тилинде төгүндөө жөнөтүп, каршылашын массалык маалымал каражаттары аркылуу эрөөлгө чакырган. Тилекке каршы, эч кандай жооп болбогондо, каяшасын Интернет аркылуу түштүктөгү бардык бейөкмөт уюмдарга да тараткан.
Баракчаны Ош шаардык ички иштер башкармалыгы дин агенттигине жөнөткөндө, эксперттик топ: «Равшан Гапировдун каяша катында Кыргызстандын конституциялык бийлигине коркунуч туудурган сөздөр бар. Жарандарды ислам мамлекетин – Халифат курууга үндөйт. Бир динди башкаларынан жогору коет», - деп корутунду жасаган. Тыянактын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө чукул мөөнөттө аяктаган.
Сот жараяны башталгандан тартып эле Равшан Гапиров өзүнө тагылган айыптарды мойнуна алган эмес. Байкоочулардын баамында, эксперттер да, прокурор да анын "Хизбут-тахрир" диний экстремисттик партиясына мүчө экендигин же жан тарткандыгын тастыктай алышпаган. Ошентсе да, былтыр декабрь айында Ош шаардык соту Гапировду айыптуу деп таап, бир жылга эркинен ажыраткан, бирок тергөө бүткүчө түрмөдө жети ай ашыкча жатып калгандыгын эске алып, эркиндикке бошоткон.
Жакында Ош облустук соту республикалык эксперттердин корутундусун карап чыгып, укук коргоочунун аракетинде кылмыштын курамы жоктугун белгилеп, толук актады. Ушуга байланыштуу Равшан Гапиров укук коргоочуну камоого көмөктөшкөн тергөөчүнү, прокурорду, төрт судьяны жана эки диний экспертти жоопкерчиликке тартууну өтүнүп Ош облустук сотуна арыз жолдоду:
- Ушул боюнча булар кылмыш жазасына тартылыш керек. Андан тышкары менин моралдык, материалдык чыгымдарымды төлөш керек. 10 миллиондон кем албайм, керек болсо үйлөрүңөрдү саттырып, штаныңызды чечтирип алам деп айткам. Бир канча жолу эскерткем. Алар кулак салбай өз билгенин кылдыбы, куду ошону мен дагы кылам, - деди Равшан Гапиров.
Ош шаардык прокуратурасынын өкүлү, мамлекеттик айыптоочу Нематжан Гудуков Равшан Гапировдун моралдык жана материалдык чыгым сурагандыгы акылга сыйбай тургандыгын билдирди.
- Мен күнөлүү эмесмин, мен комплекстүү эксперттерден суранам, андан тышкары прокурор Гудуков эксперттерди чакырып бер дейт. Экспертти чакырып бердим. Экинчи экспертти чакыралы десек, эксперттер сабатсыз, чучело, ошондуктан буларды аныктаганга акысы жок дейт.
Равшан Гапиров Интернет аркылуу тараткан баракчага корутунду жазгандардын бири - ошогезде дин боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун кеёешчиси, учурда «Ислам цивилизациясы» коомдук фондунун кызматкери Шамшыбек Закиров баштапкы тыянак туура экендигинен күмөн санабайт.
- Мен кол койгом, андан мен кайта албайм. Биз материал кандай экенин, мазумуну ушундай, мыйзамдарга каршы дегендерге эле жооп беребиз. Калганы кандай чечет ал соттун иши.
Шамшыбек Закировдун пикиринче, укук коргоочу Равшан Гапиров мамлекеттик дин агенттигинин жергиликтүү эксперттеринин корутундусуна ылайык соттолгондугун эске салып, эки ача өкүмгө чекит коюу үчүн Ош облустук соту кылмыш ишин кайрадан тергөөгө жөнөтүшү зарылдыгын белгиледи.