Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Акыйкатчыга каршы арызды Ош шаардык соту карай баштады


Адам укугун коргоо боюнча мамлекеттик институттун Оштогу өкүлчүлүгүнүн үч кызматкери Турсунбек Акун жумушунан жүйөөсүз бошоткондугун негиздеп, калыстык кылууну өтүнүп Фемидага кайрылышкан.

Акыйкатчынын Ош облусун жана шаарын камтыган өкүлчүлүгүнүн мурдагы кеңешчилери Юруслан Истанов, Худаяр Нарматов, Темир Бегматов даттанышкандай, үчөөнү Турсунбек Акун кыскартууга шылтоолоп, кызматынан жөнсүз бошоткон. Буйрукта Эмгек Кодексинин жана «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамдын талаптары одоно бузулган. Сотко кайрылаардан мурда адам укугун коргоо боюнча мамлекеттик институттун кызматкерлери Башмыйзам кепили катары президент Бакиевге, ошондой эле Жогорку Кеңешке арызданышкан. Тилекке каршы, эч кандай жооп болгон эмес.

Юруслан Истановдун баамында, Турсунбек Акун акыйкатчылыкка шайлангандан бери бул институттун жана анын кызматкерлеринин ишине бейөкмөт уюмдар ачык кийлигишип, тоскоолдук кылып жатышат. Өзүн кошкондо Оштогу үч кесиптешинин жумуштан бошошуна да ошолор себепкер:

- Турсунбек Акун парламентте Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана адамдын укуктарын коргоого ант берди. Бирок ошол эле учурда жарандардын укуктарын чыгарган буйругун да өзү бузуп жатат. Эмгек кодекстин дагы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамынын дагы талаптары бузулган. Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы бул мамлекеттик кызматка кирет. Турсунбек Акун келгенден бери бейөкмөт уюмдар акыйкатчынын өзүнүн ишине, кызматкерлеринин ишине түздөн-түз кийлигишип, тоскоолдуктарды келтирип жатышат.

Акыйкатчы Турсунбек Акун Оштогу өкүлчүлүгүнүн үч кызматкери штаттык түзүмдү өзгөртүүгө байланыштуу кыскартылгандыгын, ошол эле учурда мурунку жетекчи Турсунбай Бакир уулу тарабынан жумушка орноштурууда тааныш-билишчиликке, тууганчылыкка, жердешчиликке айрыкча басым жасалгандыгын, азыр ошондой жол менен келгендерден арылып, тазаруу жараяны жүрүп жаткандыгын билдирди:

- Мен демократиялык жол менен жасап атам. Бирок кемчилик кетиши мүмкүн. Бирок негизи туура жол ушул. Анткени мурда катуу талаптар коюлган эмес. Мурда НПОлор менен иштеген эмес, бейөкмөт уюмдардын, прессалардын катуу көзөмөлү болгон эмес. НПОлор менен иштей албаса кызматтан кетет.

Оштогу «Прогресс» бейөкөмт уюмунун директору Эрнис Толтоев Турсунбек Акундун Акыйкатчы институтунун аймактардагы штаттарын кыскартуусун популизм, президентке жагынуу сыңары баалады. Ошол эле учурда Ош облусун жана шаарын камтыган өкүлчүлүктү тескерисинче жаңы, кесипкөй күчтөр менен толуктоо зарылдыгын белгиледи:

- Алты укук коргоочунун мүчөсүн кызматтан алган. Алар миллиондон ашуун Ош шаары менен Ош облусунун калкынын укугун коргой албайт. Ошондуктан Турсунбек Акундун бул жасаган жоругу, мен Бакиевге жагынам, мен аппаратты кыскартып акчасын үнөмдөйм дегени менен ал өтө чоң катачылыктарды кетирди. Тескерисинче, бул нерсенин санын көбөйтүш керек эле. Аларга күчтүү профессионал жаштарды тартыш керек эле. Азыр болгон 3 адам менен эч кандай иш жүрбөйт.


XS
SM
MD
LG