Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Жалал-Абадда кайрадан нааразылык


3-майда Жалал-Абадда кайрадан нааразылык акциялары өттү. Иш орундары жабылганына нааразы ишкерлер бүгүн Жалал-Абад шаар мэриясынын алдына келишти. Буга дейре губернатордун 1-орунбасарынын милдетин аткарып келген Кадырбек Бечеловдун тарапкерлери аны губернаторлукка шайлоону талап кылышты.

Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы Ж.Бакиев атындагы көчө боюнда соода-сатык жайлары бар соодагерлер шаар мэриясынан жумуш орундарын кайра калыбына келтирүүнү талап кылышты. Алардын өкүлү Осмон Шайбеков аталган жердеги соода орундары шаар бийлигинин көрсөтмөсү менен жабылгандыгына нааразы болду. Башка базардан берилген иш жайларында соода жүрбөй, жаңы жылдан бери ишкерлер менен казына да зыян тартып жаткандыгын билдирди:

- Жумуш менен камсыздандырыш керек. Биздин Жалал-Абат шаары салыктан калды. Моралдык, материалдык чыгым тарттык, 4 айдан бери мэрия тараптан жабабыз, тосуп дубал курабыз, иштетпегиле деп атышат. Биринчи күнү караштырабыз дегенинен келдик, мына жок.

Ишкерлер шаар бийлиги алмашкандан бери жумуш орундары менен камсыз кылууну Жалал-Абад мэриясынан өткөн аптада да өтүнүшкөн. Дүкөнчү Нурбек Кармышов маселе чечилбегендигине токтолду:

- Бизди жумуш менен камсыз кызып, ошол жерде жакшы эле иштеп атканбыз, эч кимге зыяныбыз жок. Жусупбек Бакиев көчөсүндө иштеген жерибиз азыр жабык турат, иштетпей атат.

Нааразы ишкерлер жумушсуз калган эмес. Алардын Москва көчөсүндөгү базарда иш орундары бар. Соодагерлерди ал жакка көчүрүү тууралу мурдагы бийлик менен Жалал-Абад шаар кеңеши тиешелүү буйрук-чечимдерин облус борбор көчөлөрүн иретке келтирүү үчүн чыгарылган, дейт бул маселеге шаар мэринин милдетин аткаруучу Максат Жээнбеков:

- Шаардык ичинде цыган табордун үйүнө окшошпостон, өнүккөн жагына кетели деген ой болуп атса, түшүнбөгөн элдер келип алып туруп, биз шаарды ыплас, жаман кармап отурушубуз керек экен да. Аларга иш орун бөлүнүп, Москва көчөсүнө барып соода кылгыла деп буйрук берилген, чечим, током бар. Булар чыкпаса, шаарды качан оңдойбуз.

Облустук бийликтин маңдайында болсо 8- апрелден бери губернатордун 1- орунбасары милдетин аткарган Кадырбек Бечеловдун облус башчылыгына татыктуу экендигин тастыктаган тасмаларды кармаган анын тарапкерлери турушту. Алар убактылуу өкмөттү колдоо менен Бечеловду 1- орунбасар кызматына бекитүүнү талап кылышып. Облбийлик алдында талаптары аткарылгыча тураарын билдиришти.

Аларга кызмат оруну кандай чечилгенин түшүндүргөн Кадырбек Бечелов бийлик башчылар эл тарабынан шайланбай жаткандыгын белгиледи:

- Башында мени губернатор кылым көрсөтүшкөн. Мен баш тартып, балдар иштесин дегем. Андан кийин губернатордун биринчи орунбасарлыгына эл дайындаган. Андан кийин экөөнө приказ чыгып, мага чыкпаптыр.

Көз каранды эмес байкоочулар убактылуу өкмөттүн туруктуу кадр саясаты жоктугунан аймактарда кызмат талашуу улантылып келатканын айтышууда. Жалал- Абад университетинин окутуучусу Кадырбек Суленов кызмат адамдарын билим жөндөмүнө тажрыйбасына жана эл менен иштеше билгендигине карап тандоо жагын эске салды:

- Чымчык сойсо дагы адис сойсун, революциянын шарданы менен көчөдө жүргөн эле кайдагыларды коюп атат. Мына биз көрдүк го, ошолор башкара алдыбы? Башкара алган жок. Ошолордун кесепетинен ушундай тополоң эмдигиче басылбай келе жатат. Ошондуктан эл ичинен чыккан кадрларды, адистерди ойлонуп туруп шайлаш керек.

Облус башчысы Б. Асанов убактылуу өкмөткө губернатордун орунбасарлары кызматтарына үч кишини бекитүүнү сунуш эткен. Облбийликтин аппарат башчысы Орозалы Сартбаев К. Бечеловду эч ким жумуштан бошото электигин, анын мурдагыдай эле облбийликтеги укук коргоо уюмдарын тейлеген бөлүм башчылык кызматы сакталып тургандыгын билдирди.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG