Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:14

Жалал - Абат: Эмгек көчкүндөрүнүн башында көйгөй көп


Кыргызстандан он миңдеген эмгек мигранттары Орусияга иш издеп кетип жатат.
Кыргызстандан он миңдеген эмгек мигранттары Орусияга иш издеп кетип жатат.

Жалал-Абат облусундагы лидер аялдар ассоциациясы ички эмгек көчкүндөрүнүн социалдык абалы тууралу маселени талкуулады. Анда айтылгандай, элетте жумуш жок, тапкан маянага жашоо кыйын болгондуктан эмгекке жарамдуу адамдар шаарлар менен Бишкек жана Чүй бооруна барып иштешүүдө. Орун-жай которгон ички эмгек көчкүндөрү социалдык женилдиктерден кур калып, балдары билим-тарбиядан өксүп жатат.

Социалдык технологиялар агенттигинин изилдөөсүнө ылайык былтыр 351 минден ашык киши ички миграцияга катышкан. Агенттиктин юристи Нурбек Касымбеков айткан маалыматтарга ылайык элеттиктиктердин жер которуусуна айыл-кыштактардагы жарды турмуш менен жумушсуздук түрткү болууда. Айылдык эмгек көчкүндөрү көбүн эсе шаарларга, же Бишкек менен Чүй бооруна барып байырлашууда:

-Чүй жана Бишкек облустарында болуп жатат, жогорку билимдүүлөр 22%, орто билимдүүлөр 18%. Ички жер которуулар Баткен жана Ош облустарында 80-85% ка жетип атат. Жалал-Абад облусунда 56%.

Мигранттар медициналык жеңилдиктен кур жалак калып, балдарын да мектепке жайгаштыруусу кыйын. Барган жеринде катталышы да оңой эмес. Көпчүлүгүнүн адистиги жок болгондуктан кара жумушка жалданып иштөөгө аргасыз.

Мигранттардын уул-кыздарынын мектепке кирбей калышына ата-эненин милдети менен укугун билбей калышы себепкер. Жалал-Абат шаардык билим берүү башкармасынын инспектору Саадат Турганбаеванын пикирине караганда айылдан шаарга келген окуучуну жайгаштырууда бир кыйла көйгөйлөр бар. Бирок мектепке кабыл албай коюу деген өлкөдө боло элек.

-Ушул жерге көчүп келгенден кийин, ушул жерде жашагандан кийин сөзсүз түрдө регистрацияга туруш керек биринчиден. Экинчиден, баланы алып келгенден кийин биз мисалы: бир, эки жума окуткандан кийин ал ата-энеден ал баланын өздүк делосун талап кылабыз. Бизде унутуп калат, орноштуруп коёт, ошол бойдон жок. Ал бала кайсыл жерде, кайсы мектепте окуду, толук окудубу окубадыбы? Тогуз жылдык негизги билим берүү биздин милдетибиз, окубай калып талаада жүрөт деп атат, мына ошолорду биз учётко алабыз.

Акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова каттоодо турбагандыктан мигранттардын саясий укугу да чектелерин билдирди. Анын байкоосунда алар шайлоодо добуш бере албай калышат.

-Ошонун аркасынан участкалык шайлоо комиссияларына ишенгендер жана пачка-пачка бюллетендер ташталат. Студенттер кайра-кайра бир эшиктен кирип бир эшиктен чыгат. Биздин мамлекет ушундай, мамлекет кайсыл жакка барсаң дагы адам укугун бузган жагында иштейт, эсиң ооп калат.

Облустагы жумушка жайгаштыруу комитетинен алынган маалымат боюнча былтыр 75 мин киши жумуш издеп коңшу өлкөлөргө кеткен. Комитеттин өкүлү Гулнара Акматалиеванын айтымында мигранттарга жергиликтүү мекеме-уюмдар менен бирге эле КМШ өлкөлөрүнөн иш орундары сунуш кылынууда.

-Миграция боюнча бизде вакансия бар Чукоткага. Ал жерде электриктер, айдоочулар, отканага жумушчулар талап кылынат. Ошол вакансия менен иштеп атабыз. Болгон талаптарды чогултуп туруп жана бизде кире бериште стенд бар, келген кишилер ошол вакансияларды алып, даректерин жана багыт беребиз. Алар барып ишке орношот.

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG