Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

Т. Какчекеев: Ташкент менен Бишкек талашы эл аралык деңгээлде каралыш керек


Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чечилбей талаш туудуруп жаткан маселелер жөнүндө саясат таануучу Токтогул Какчекеев менен маек.

- Токтогул мырза, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилесинин татаалдашынын башаты эмнеде?

- Бул союз республикалары бөлүнүп аткан учурда пайда болгон. Cовет доорунда саясий бюродо Рашидов деген чоң саясатчы отурган, ошонун илеби менен кыргыз мамлекети өзүнүн өнүгүүсүн көз карандылык менен өлчөп жашап келаткандыгы эгемендикке чейин белгилүү болгон. Эгемендүүлүккө чыккандан баштап ошол эле басмырлаган жана кыргыз мамлекетине кандайдыр бир өзүнүн таасирин көрсөткөн саясат бүгүнкү күндө оркоюп көрүнүп турганынын белгиси дейбиз.

-Чек айылындагы чек араларды жабуу ушундан көрүнүп жатат дейсизби?

-Жеке эле андан эмес. Мисалы, 1989-жылкы түрк-месхеттерди сүрүп чыгуудан баштап Оштогу 90-жылкы коогалаң иштен, андан тышкары 1999-жылы Ислам диний кыймылынын Кыргызстанга өз билгениндей кирип келип, кызыл кыргын, кара сүргөндүгүнөн болуп атат. Андан тышкаркы кийинки сыртын салган саясаттын көрүнүштөрү болуп атат.

-Эки тарап орток тил таап, чек аралардын кадимкидей ачылып, иштеши үчүн кандай кадамдар жасалыш керек?

- Мен бул маселени айтып отуруп, өзбек калкы менен же болбосо өзбек мамлекети менен кагышууга баралы деген ойду айткан жерим жок. Бул опурталдуу, кереги жок нерсе. Өзбекстан бул аябай чоң, өнүгүп келаткан мамлекет.

Бирок бизде эгемендүүлүккө чыккандан баштап, биз эл аралык уюмдарга киргендигибиз баарыбызга белгилүү. ЕврАзЕС, ОДКБ, ШОС деген эл аралык уюмдарга киргендигибиз дагы элдин баарына далил. Ошондуктан мындай маселени чоң деңгээлде ири отуруп түз сүйлөшүшүбүз керек. Анткени бизге чоң мамлекет болобу, кичи мамлекет болобу, бизге теңчилик керек.

Теңчилик эл аралык БУУнун Уставында бекилген. Ошондуктан бүгүнкү күндө Өзбекстанга суу керек болсо, Кыргызстанга газ керек. Ушул сөздү ушундай нукта Алматыда биздин президент Курманбек Бакиев жарыялап, ошону далилдеп берди. Мен ойлоп атам, бул кишинин чечкиндүү сүйлөгөнүнөн бери Чектен баштап сырт салган кандайдыр бир жаны саясаттын үлгүсү көрүнүп атат дейм.

-Ооганстан жана Пакистандагы кырдаалды президент алгачкы ирет күч министрлери менен ачык талкуулады. Сиздин көз карашыңыз боюнча, бул өлкөлөр тараптан коркунуч байкалып жатабы?

- Бул өлкө тараптан диний экстремизм күч алат деген ой бар. Анткени мен бул маселе боюнча эл аралык уюмдар менен көп жылдардан бери баарлашып келатам. Биздин өкүлдөр былтыр Пакистанга барып, ошол жерде Мушараф менен кезигип келген. Менин оюмча Мушарафтын саясий аренадан кеткени ушуга алып келип отурат.

Бул ири мамлекеттерде аскердик саясатчылар бийликте турбаса, анда ушундай коогалаң иштер болот дагы, анын толкуну чек аралаш мамлекеттерге өтүп кетээрин далилдеп койсок болот. Ошондой эле Пакистандын өзүнүн мамлекет болуп жаралышы күчү менен пайда болгон.

Ушул оюнга кандайдыр бир өзүнүн геополитикалык саясаты менен көп мамлекеттер кийлигишип атат. Бирок ушул алааматтан сактап калчу жалгыз гана Орусия, Кытай, ШОС саясатынын чектелиши менен туруштук берсек болот, же андан бөлөк күч бизде жок.

-Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG